Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:33

Мектеп окуучулары январда 14 күнгө кышкы эс алууга тарайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мектептердеги кышкы каникул 1-январдан башталып, 14-январда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги 21-декабрда маалымат таратты. Билдирүүгө караганда, мектептерде үчүнчү чейрек 15-январда башталат.

Окуучулардын күзгү каникулу 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин болгон.

Кыргызстанда жалпы 2 миң 350 мектепте 1,5 миллиондой окуучу билим алууда. Мугалимдердин саны 74 миңге жакын.

XS
SM
MD
LG