Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

Олжобай Шакир сотко жеткирилген жок, жараян башка күнгө жылды


Олжобай Шакир
Олжобай Шакир

Жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист Олжобай Шакир 20-декабрдагы сот отурумуна да алып келинген жок. Ушуну менен ал бир айдын ичинде үч жолу сотко алып келинбей, жараян башка күнгө жылды. Бул тууралуу анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу "Азаттыкка" ырастады.

Олжобай Шакирге байланыштуу иш Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда каралып жатат. 20-декабрда күзөт кызматы жетишпей жатат деген негизде шектүү соттук отурумга алып келинген эмес.

Аламүдүн райондук сотунда 6-декабрда жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист Олжобай Шакирге айыбы угузулган. Прокуратура өкүлү "Олжобай Шакир Фейсбукта, ТикТокто "массалык башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келген, мындан сырткары элди митингге чакырган, "булардын тизгинин кагыш керек" деген сөзү азыркы бийликтин кадыр-баркына шек келтирип, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган" деп билдирген.

Олжобай Шакир айып менен макул эместигин билдирип, мойнуна алган эмес. Ал быйыл 23-августта кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козгогон. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Буга чейин атайын кызмат жазуучу "Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана жапырт башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келгенин, бул боюнча эксперттик корутунду да чыкканын” билдирген.

Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келет. Камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырган. 31-августта онлайн митинг өткөрүү тууралуу демилге көтөрүп чыккан.

Өзү абактан жазган каттарында онлайн-митинг калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин белгилеген.

Ал 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтты негиздеп, иштетип келген.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG