Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:25

ЖМК: Костанайда көп кабаттуу үй, мектеп, аэропорт жылуулуксуз калды


Казакстандагы көп кабаттуу үй. Иллюстрация
Казакстандагы көп кабаттуу үй. Иллюстрация

Костанайда түтүктөгү авариядан 42 көп кабаттуу турак үй, мектеп жана аэропорт жылуулуксуз калганын жергиликтүү "Наша газета" басылмасы жазды. Маалыматка караганда, быйыл окуя болгон "Аэропорт" кичи районунда буга чейин да жылуулук менен камсыздаган негизги түтүк жарылган.

Мындан тышкары шаардын дагы эки жеринде көп батирлүү 80 үйгө оңдоо ишине байланыштуу жылуулук кечке чейин убактылуу берилген жок. Костанайдын акими Марат Жундубаев оңдоо иштери ыкчам бүтөт деп убада кылды. Ал ошондой эле турак жайларга жылуулук берилген жок деген маалыматты четке кагып, майда мүчүлүштүктөрдү жоюу жылуулук менен камсыздоого таасир этпегенин кошумчалады.

Бир күн мурда Жезказган шаарындагы ЖЭБде бир нече от казан иштен чыккан. Ага чейин Кентоо шаарында катуу шамалдан улам электр жарыгы өчкөн.

Энергетика министрлиги эки жерде тең запастагы казандар иштей баштаганын билдирди. Мекеме бардык ЖЭБдерге көмүр жетиштүү деп ишентирүүдө.

XS
SM
MD
LG