Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:57

Польшада Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган 14 чет элдик жаран соттолду


Польша-Украина чек арасы. Иллюстрация
Польша-Украина чек арасы. Иллюстрация

Польшада Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деп айыпталган 14 чет элдик жаранга өкүм чыкты. Алар бир жылдан алты жылга чейин эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Польшанын кабар агенттиги билдирди.

Өлкөнүн Ички коопсуздук агенттиги орусиялык тыңчылардын тобу темир жолдогу жүктүн каттамына байкоо салып турганын, диверсия даярдаганын жана НАТОго, Польшага, ноябрдагы парламенттик шайлоо алдында бийликтин саясатына каршы пропаганда жүргүзгөнүн билдирди.

Тергөөчүлөрдун айтымында, айыпталгандар Орусиянын Федералыдк коопсуздук кызматынан (ФСБ) Телеграм-каналдан тапшырма алып турчу. Мисалы, Украинага багытталган поездди жолдон чыгаруу тапшырмасы берилген, Киевге жиберилген жардам топтолгон Жешувдагы аэропортко, эки деңиз портуна, чек ара тилкесине, Перемышледеги аскердик бөлүккө, Гливицтеги аскердик заводго байкоо салып турушкан. Алар НАТОго каршы ураандарды имараттардын бооруна тартууга да айыпталды.

Сот жообуна тартылгандардын 11и 17-44 жаштагы украин жарандары, экөө Беларустан, бирөө орусиялык спортчу. Айрымдарына тыңчылыктан тышкары кылмыштуу топко кирүү айыбы тагылды. Бардыгы күнөөсүн моюнга алып, тергөө менен кызматташууга барды.

Экөө адегенде айыптуу экенин айтып, кийин баш тартышты. Дагы бирөө кылмыш кылганда жашы жетелек болчу. Бир бөлүгү жаза мөөнөтүн Польшада өтөөнү суранды.

XS
SM
MD
LG