Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:48

Ошто Кытайга жүк ташыган айдоочулар акцияга чыкты


Нааразылык акциясына чыккан жүк ташуучу айдоочулар. Ош шаары. 20-декабрь, 2023-жыл.
Нааразылык акциясына чыккан жүк ташуучу айдоочулар. Ош шаары. 20-декабрь, 2023-жыл.

Кытайга жүк ташып иштеген жүздөй айдоочу 20-декабрда Транспорт жана жол министрлигинин Ош шаарындагы башкармалыгынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Эркечтам өткөрмө пунктундагы тыгынга нааразы болууда.

Кытайга кирүүгө уруксат тууралуу документтер кезек менен берилүүсүн талап кылышты. Алардын сөзүнө караганда, ушул тапта чек арада 300дөй жүк ташуучу унаа Кытайга кире албай турат. Кезек бир жумада араң жетерин айткан айдоочулар карго компаниялар да "кезек менен кириши керек" деген талап коюшту.

Мамлекеттен автоунаа токтотуучу жер бөлүнүп, электрондук кезек менен ошол жерден кетүүгө шарт түзүлгөнүн, бирок буга Кытайга каттаган айрым жүк ташуучу ишканалар көнбөгөнүн билдиришти.

Нааразы тарап Транспорт жана жол министрин Ошко барып, маселени чечип берүүгө чакырды.

Алар менен министрликтин Ош шаарындагы башкармалыгынын башчысы Бакай Жолдошбаев жолугуп, маселени териштирүүнү убада кылды. Айдоочулар ага көнбөй, 21-декабрда да чогулмай болуп тарап кетишти.(DSh)

XS
SM
MD
LG