Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Аба ырайы: Жолдор тайгак болот


Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 21-декабрда өлкө аймагында кар жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9,

Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5 градус болот.

Бишкекте кар жок. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 7…9° болот.

XS
SM
MD
LG