Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:40

Окуу жайларга кышкы кабыл алуу 25-декабрда башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларга 2023-2024-окуу жылына кышкы кабыл алуунун графигин бекитти.

Ага ылайык, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Биринчи этабы 25-декабрдан 30-декабрга чейин жүрөт.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 25-декабрда башталып, 27-декабрь күнү саат 14:00до аяктайт.

Кийинки турлардын мөөнөтү:

  • Экинчи тур - 8-13-январь;
  • Үчүнчү тур - 15-20-январь;
  • Төртүнчү тур - 22-27-январда болот.


Кыргызстанда алгачкы жолу 2022-жылы кышында жалпы республикалык тестирлөө өткөн. Министрлдиктин маалыматына караганда, быйыл кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга 902 адам катышты. Алардын ичинен 554 абитуриент босого баллдан (110) өткөн. Тестирлөөдө жогорку балл 214 балл болсо, төмөнкүсү 38 баллды түздү.

Кыргызстанда 70тей жогорку окуу жайында 200 миңден ашуун студент билим алат, алардын 70 миңдейи башка мамлекеттердин жараны.

Адатта жалпы республикалык тестирлөө жайында уюштурулуп келген. Жогорку окуу жайларга кабыл алуу "Абитуриент онлайн" ситсемасында онлайн форматта жүргүзүлөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG