Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:47

Балдар ооруканасына мобилдик госпиталь орнотулду


Мобилдик госпитал. Бишкек. 19-декабрь, 2023-жыл
Мобилдик госпитал. Бишкек. 19-декабрь, 2023-жыл

Бишкектеги балдардын шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына 8 мобилдик госпитал орнотулду.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдап, бул бейтаптардын агымын тескөө максатында министрдин тапшырмасы менен аткарылганын билдирди. Маалыматка ылайык, көчмө госпиталдар узак мөөнөткө - февраль, март айларына чейин иштейт. Анда 15 чакты дарыгер нөөмөт менен иштеп жатат.

Акыркы күндөрү балдардын түрдүү оорусуна байланыштуу бейтапканага бир суткада 451 бейтап кайрылса, анын ичинен 51 бала ар кандай оорулар менен ооруканага жаткырылган. Калганы дарыгердин кеңешин алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Балдарга тез медициналык жардам көрсөтүү боюнча мобилдик көчмө клиникалары да иштеп жатканы, мобилдик клиникада УЗИ жана ЭКГ аппараттары жайгашканы, клиникалар бейтаптардын агымы көп болгон учурда кезек күтүүнү азайтуу үчүн колдонулуп келери кабарланды.

Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн түрдүү респиратордук оорулар күч алганы, ооруканаларда узун кезектер пайда болгону айтылып келген. Министрлик буга байланыштуу үй-бүлөлүк дарылоо борборлорунун иш тартибин өзгөрткөн. Ага ылайык, аталган борборлордогу нөөмөтчү дарыгерлер дем алыш күндөрү да бейтаптарды кабыл алып, кеңеш берүүгө милдеттендирилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG