Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:33

Күрөш дүйнөсү уюму Тыныбекованы жылдын мыкты балбан кызы деп тапты


Айсулуу Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова.

Күрөш дүйнөсү уюму (UWW) кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшүнөн 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапты. Бул тууралуу уюм социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жарыялады.

Айсулуу Тыныбекова быйыл 22-сентябрда Белградда өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болуп, Париж Олимпиадасына жолдомо уткан.

Апрель айында Астанада болгон Азия чемпионатында да алтын алып, кыз-келиндер күрөшү боюнча беш жолу Азия чемпиону аталган алгачкы кыргызстандык балбан кыз болуп калды. Венгрияда, Египетте өткөн эл аралык рейтингдик мелдештерде да алтын медал тагынды. Октябрь айында XIX Азия оюндарында коло медал утту.

30 жаштагы Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарынын күмүш медалынын, бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси. Сентябрда ал Күрөш дүйнөсү уюмунун рейтингинде өзүнүн салмагында дүйнөдө биринчи орунга чыккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG