Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 20-декабрдагы жыйынынын күн тартибине экинчи окууга киргизилди.
19-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети документти дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.
Комитеттин отурумунда депутаттар Мирлан Самыйкожо, Жамиля Исаева жана Арсланбек Малиев сунуштар кеч берилди деген негиз менен мыйзам долбооруна кошулган жок. Мирлан Самыйкожо желектин айланасындагы талаш-талкууга чекит коюу үчүн референдум өткөрүү керек экенин айтты.
Президент Садыр Жапаров 16-декабрдагы экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун жазуу сунушун спикер Нурланбек Шакиевге өзү бергенин айтты. Мамлекет башчы залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранып, делегаттардын айрымдары кол чапкан. Бирок желекти өзгөртүү демилгеси колго салынып, добуш берилген жок.
Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.
Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.
Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен чукул кабыл алган.
Социалдык тармактын колдонуучулары желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы экенин билдирип, флешмоб өткөрүп жатышат. Фейсбукта “желегимди жерибе!”, “желекке тийбе!” деген постторду жарыялап, Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы, Инстаграмдагы расмий баракчасынын алдына да пикирлерин жазышууда.
Тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алды.
Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. (BTo)