Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:32

Түндүк Корея континент аралык баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрдү


"Хвасон-18"
"Хвасон-18"

Түндүк Корея 18-декабрда континент аралык баллистикалык "Хвасон-18" ракетасын сыноодон өткөрдү. АКШнын аймагына жете ала турган бул ракетаны сыноо иш-чарасына өлкө жетекчиси Ким Чен Ын катышканын мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Пхеньяндын чыгыш тарабындагы полигондон чыккан ракета 1 023 чакырым аралыкты 6 518 чакырым бийиктикте 4 415 секундада учуп өтүп, Жапониянын Хоккайдо аралынын батыш жагындагы белгиленген тилкеге барып конду.

Ким Чен Ын ракетанын учурулушун АКШга жана Түштүк Кореяга «олуттуу жана чечкиндүү жооп кайтарууга» даярдыктын далили деп атап, өлкөнүн стратегиялык өзөктүк күчтөрүн мындан ары да өнүктүрүү боюнча жаңы милдеттерди койду.

"Хвасон-18" Түндүк Кореянын колундагы эң жаңы жана кубаттуу ракета. Ядролук курал жүктөлүүчү бул ракетанын учуп жетүү радиусу теориялык жактан алып караганда АКШнын бүт аймагын камтый алат. Ал алгачкы сыноодон быйыл апрель айында өткөн.

Кошмо Штаттар, Түштүк Корея жана Жапония соңку сыноо иштерин айыпташты, алар Түндүк Корея Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуп жатат деп эсептешет. 19-декабрда Коопсуздук кеңеши АКШнын өтүнүчү менен жыйынга чогулганы жатат.

Кошмо Штаттар соңку кезде Түндүк Кореянын Орусия менен аскердик кызматташтыгы өнүгө баштаганына тынчсыздануусун айтып келүүдө. Москва жана Пхеньян расмий тастыктай элек маалыматтарга караганда, Түндүк Корея быйыл Орусияга көбүрөөк курал-жарак жөнөтө баштады. Ал эми Орусия, өз кезегинде, аскердик спутникти орбитага чыгаруу үчүн даярдык иштерине жардам берди. (RK)

XS
SM
MD
LG