Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:11

Кыргызстан 9 айда 13 тоннага жакын алтын сатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан быйыл январь-сентябрдын аралыгында 12 тонна 886,2 килограмм алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин тышкы соода боюнча маалыматында белгиленген. Анда алтынды Швейцария (10 тонна 607,2 килограмм), Бириккен Араб Эмираттары (1 тонна 294,7 килограмм), Кытайдын Гонконгу (984,3 килограмм) сатып алганы жазылган.

Сатылган алтындын наркы 805,5 миллион долларга же 70 млрд сомго жакын болгон.

Финансы министрлиги 2022-жылы Кумтөр кенинен 17 тонна 305 кг алтын өндүрүлүп, анын 17 тонна 284 килограммы сатылганын билдирген.

Кыргызстандын өкмөтү 2021-жылы канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизген соң, Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) "Кыргызалтын" ишканасынын алтын аффинаждоочу заводунун Good delivery макамын жокко чыгарган.

2022-жылы апрелде кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” келишип, кенди Бишкек толук колго алгандан бир айдан кийин, LBMA аталган макамды "Кыргызалтынга" кайрадан кайтарып берген. Натыйжада Кыргызстан өз алтынын аталган биржада тоскоолдуксуз сата баштаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG