Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:47

Бишкек жана Ошто суу тартыштыгы көйгөй бойдон калууда


Бишкектеги жаңы конуштардын бири.
Бишкектеги жаңы конуштардын бири.

Бул тууралуу 19-декабрда жаңы конуштардын көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдорун талкуулаган иш-чарада айтылды.

“Аракет - Кыргызстандагы жаңы конуштардын жашоосун жакшыртуу” деген аталыштагы форумга Бишкектеги жана Оштогу 11 жаңы конуштун тургундары, аталган шаарлардын мэрия, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, Билим берүү жана илим, Саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү, активисттер катышууда.

Форумда жаңы конуштардагы суу көйгөйүнөн сырткары жарандардын каттоого туруу, паспорт алуу, мамлекеттик, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү, электр энергиясы, жол, коомдук транспорт жана таштанды, абанын тазалыгы сыяктуу маселелер көтөрүлдү.

Иш-чаранын катышуучулары медициналык кызматтардын жетишсиздигинен айрым кош бойлуу аялдар үйүндө төрөгөн учурлар болгонун белгилешти.

Форум Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин колдоосу менен өтүп жатат, анын максаты 11 жаңы конуштагы мамлекеттик мекемелердин кызматын жакшыртууга багытталган.

Бишкектин жака белинде жалпы 50гө жакын жаңы конуш бар. Сонку жылдары жаңы конуштар Ош шаарында дагы пайда болгон. Мындай жайларда толук инфратүзүм жок. Айрым жерлерде мектеп же жол эмес, электр жарыгы толук тартыла элек. (GT)

XS
SM
MD
LG