Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:45

"Дастан" заводу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өтө элек


Санариптик өнүктүрүү министрлиги Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунан мурда өткөрүп алган ишканалар.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунан мурда өткөрүп алган ишканалар.

"Дастан" ишканасы учурда Санарип министрлигинин карамагында турат, заводдун акционери болуп аталган мекеме эсептелет.

Бул тууралуу санарип министринин орун басары Жумамүдүн Жумалиев 19-декабрда маалымат жыйынында "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Азыр бул маселе боюнча Министрлер кабинетинин өз ара макулдашуу чечими каралып жатат. Азырынча ишкана биздин карамагыбызда. Жакынкы убакта өткөрүп беребиз. Азыр өтө элек, Санарип министрлиги ишкананын акционери болуп саналат", - деди Жумалиев.

Былтыр 12-майда Министрлер кабинети “Кыргызтелеком”, “Евразия сактык банкы”, “Альфа Телеком”, “Дастан” ишканаларын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан ошол учурда Талантбек Иманов башкарган Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берген. Бул кадам мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында болуп жатканы айтылган.

Быйыл сентябрда "Дастан" ишканасы жана "Евразия сактык банкы" Санарип өнүктүрүү министрлигинен кайрадан Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондуна өткөрүлөрү кабарланган. Бул коомчулукта ишканалар мурдагы министр Имановдун кызыкчылыгына иштеп келгенби деген суроо жараткан.

Анткени анын алдында Талант Иманов кызматынан бошотулуп, президенттин алдындагы Инвестицияларды тартуу агенттигинин жетекчиси кызматына кеткен.

Министр болгонго чейин “Дастан” заводунда, "Газпром Нефть Азия" ишканасында эмгектенген Имановдун Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов менен байланышын журналисттер иликтеп чыгышкан. Былтыр май жана июнь айларында "Азаттык" радиосу "Министрдин артындагы Ширшовдун карааны" жана "Уландан уурдалган миллиондор изи” деп аталган иликтөөлөрдү жарыялаган.


Анда "Иманов-Ширшов" тандеми бир катар документтер менен далилденген жана алар “Евразиялык сактык банкын” башкарууга катышканы белгилүү болгон. Иманов кийинчерээк комментарий берип, дооматтарды четке каккан. Маалыматтарга караганда, ал 2010-жылга чейин Ширшовдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. Апрель ыңкылабынан кийин Ширшов өлкөдөн качып кеткен учурда анын үйүндө жашап жүргөнү да айтылган.(MKt/ZKo)

XS
SM
MD
LG