Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:32

ТИМ Кытайга виза алуу тартиби жеңилдегенин билдирди


Кытайдын лидери Си Цзиньпин жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Сиань, Кытай. 18-май, 2023-жыл.
Кытайдын лидери Си Цзиньпин жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Сиань, Кытай. 18-май, 2023-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 18-декабрда маалымдагандай, кыргызстандык жарандар үчүн Кытайга кирүүгө виза берүү тартиби жеңилдеди.

Маалыматка ылайык, 17-декабрдан тартып, Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги виза алуу үчүн документтерди тапшырууга милдеттүү түрдө алдын ала электрондук каттоодон өтүү талабын жокко чыгарды. Элчиликтин Консулдук бөлүмү Кытайга кирүүгө виза алуу үчүн кайрылгандарды белгиленген кабыл алуу күндөрүндө жана сааттарында кезек күтүү тартибинде кабыл алат.

Мындан тышкары кыргызстандык ишкерлерге, Кытайга иш сапары менен же маданий, илимий, билим берүү иш-чараларына катышуу максатында бара турган кыргыз жарандарына виза алуу үчүн атайын штрих-код менен кытай тараптан чакыруу алып келүү талабы жокко чыгарылды. Мындай чакыруу жана Кыргызстандын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өтүнүчү Кытайга тийиштүү категориядагы визасын алуу үчүн зарыл болот.

Министрлик ошондой эле быйыл 7-ноябрдан баштап апостиль болгон учурда Кытайдын аймагында колдонууга арналган Кыргызстандын документтерин консулдукта легалдаштыруу да талап кылынбай турганын эскертти.

Октябрь айында Кытай Эл Республикасынын Макао жана Гонконг атайын администрациялык райондорунун туруктуу жашоочулары үчүн кайра кеткенге авиабилет болгон учурда 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилери кабарланган.

Кытай Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп таанып, 1992-жылдын 5-январында эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөн. 1992-жылдын май айында Бээжин Бишкекте өзүнүн элчилигин ачкан. 1993-жылдын августунда Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Бээжинде негизделип, иштей баштаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG