Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:38

Ирандагы чабуулдан 11 полиция кызматкери набыт болду


Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан-Белужистан провинциясынын кире бериши.
Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан-Белужистан провинциясынын кире бериши.

Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан-Белужистан провинциясындагы Раск шаарынын полиция бекетине жасалган куралдуу чабуулдан 11 офицер набыт болду.

Бул тууралуу губернатордун орун басары Алиреза Мархамати билдирип, кол салууну “теракт” деп атады. 15-декабрдын таңында Пакистан жана Ооганстан менен чектешке аймакта болгон окуяда бир нече полициячы жараат алды.

Көп өтпөй IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги чабуул үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна сунниттердин “Жаиш аль-Адль” (Адилеттүүлүк армиясы) тобу алганын жазды.

Аталган кыймыл буга чейин дагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен кагылышып келген. 2012-жылы түзүлгөн бул уюм Иранда террордук топтордун катарына киргизилген.

23-июлда ушул эле аймакта болгон кол салуудан төрт полиция кызматкеринин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG