Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:52

Жамийла Төлөмүш: Кичүү кызымда кыргыздын гени күчтүү


Төлөмүш Жакып уулу ортодо
Төлөмүш Жакып уулу ортодо

Жетимиш жылдык тарыхы бар “Азаттыктын” башатында тургандардын бири - Төлөмүш Жакып уулу. Анын жеке тагдыры да Экинчи дүйнөлүк согуш маалында туткунга түшүп, андан эптеп качып кутулуп, бирок мекенине кайта албай калган кыргызстандыктарга окшош.

Нарындын Байказак айылынан согушка аттанган кыргыз жигити өмүрүнүн чейрек кылымын чет жерде “Азаттыктын” кыргыз кызматына арнап, 1992-жылы Мүнхен шаарында дүйнөдөн кайткан. Анын Тилек, Зейнеп, Жамийла аттуу кыздары, неберелери учурда Мүнхен шаарында жашап, маал-маалы менен атасынын мекенине тууганчылап келип турат.

Ошондой сапарлардын биринде Төлөмүш Жакып уулунун кенже кызы Жамийла менен “Азаттыктын” 70 жылдык мааракесинин алкагында 2017-жылы жаздырып алган ошол архивдик материалды сиздин назарга сунуштайбыз.

- Жамийла айым, кош келдиңиз, Кыргызстанга. Менимче, биринчи жолу келип жаткан жоксуз да?

-Үчүнчү жолу келдим. Бул келиште чоң саякат жасайлы деп үй-бүлөбүз менен келгенбиз. Кечиресиз, менин кыргызчам жакшы эмес.

- Эч нерсе эмес. Биз окурмандарыбызга, угармандарыбызга немис тилинен деле которуп, түшүндүрүп беребиз. Бирок сиздин кыргызча сүйлөөгө кылган аракетиңиз бизди кубандырат.

- Рахмат, мен дагы кубанычтамын. Биз Нарынга, менин атам туулган Байказак айылына биринчи жолу бардык. Азыркы аты - Ак-Кыя. Нарындан 15 чакырым алыс. Байказакта туугандарыбызды көрдүк, чоң атабыздын мүрзөсүнө барып куран окуттук. Туугандарыбыз бизди абдан жакшы кабыл алышты. Кой союп, коноктошту. Кымыз ичтик.

Төлөмүш Жакып уулу
Төлөмүш Жакып уулу

- Кымыз жактыбы?

- Мага жакты.

- Германияда да кымыз чыгарышат экен. Билесизби?

- Жок, мен билбейм. Кымызды тек Кыргызстанда гана ичем.

- Төлөмүш ага туулган жери, Кыргызстан жөнүндө көп эле айтып келсе керек силерге?

- Дайыма айтчу. “Менин айылымда Нарын суу бар, дарактар бар, токой бар, мал бар” деп айтаар эле. Ошон үчүн атам Германияда тоолуу жерлерге көп кетип калчу. Аларды Кыргызстанга, айылына окшоштурчу.

- Туугандар силерди өздөрүнө окшоштуруштубу? Силерчи?

- Байказак айылына келгенде биз өзүбүздүн туугандыбызды шыр эле тааныдык десек болот. Анткени атамдын көзүндө кичине башка жакты карап тургандай тубаса көз карашы бар эле. Ошол жагын туугандардын көздөрүнөн же бет түзүлүштөрүнөн таанып, абдан кубанычта болдук. Мага өзгөчө жакканы ырдап бергендери болду. Ошол ырлардын бардыгын менин атам ырдап берчү эле. Атамдын көзү өткөнүнө 25 жыл болсо дагы, аларды дароо эстеп, ыракаттанып уктум.

Төлөмүш Жакып уулу кесиптештери менен.
Төлөмүш Жакып уулу кесиптештери менен.

- Сиз өзүңүз ырдайсызбы?

- Ырдаганды абдан жакшы көрөм. Бирок, тилекке каршы, кыргызча ырларды ырдай элекмин. Келечекте жаттап алып ырдайм деп ойлойм.

- Эмки келгенде анда сизден кыргызча ыр угат экенбиз. Төлөмүш агабыздын үй-бүлөсү, бала-чакасы жөнүндө билгим келип жатат. Мен билгенден үч кызы бар эле.

- Чоң эжем Тилек ооруп жүрөт. Иштебейт. Зейнеп биз менен келген, кымызды көп ичип алып, бүгүн ооруп калды. Менин күйөөм немис. Эки балабыз бар. Чоң кызымдын аты Алия. Экинчи кызымдын аты Ифа. Чогуу келгенбиз. Аларга да жакты бул жерлер.

- Кыздарыңар кыргыз жери - таятасынын мекени экенин таанып, жан дүйнөсү менен сезип атышабы?

- Мен өзүм ветеринардык кесипти аркалап, тукум куучулук жана ген маселелерин окуп, изилдегем. Кичүү кызым атасына окшоп өңү ак жуумал, териси апакай болгону менен, этти абдан жакшы көрөт. Сөөктү кемирип, тазалап жейт. Ошондуктан кичүү кызымда кыргыздын гени күчтүү деп ойлойм.

- Төлөмүш ага менен Майра жеңенин кесибин улап, жолун жолдогондор барбы?

Төлөмүш Жакып уулу эфирде отурат.
Төлөмүш Жакып уулу эфирде отурат.

- Бүгүнкү күнгө чейин арабызда алардын жолун жолдогондор жок. Бирок менин кыздарымдын бири он бир, экинчиси он жашта. Мүмкүн, келечекте улантып кетишер.

- Энеңизди “Майра жеңе даана биздин жеңебиз эле, адамгерчилиги жагынан дагы, кесипкөйлүгү жагынан дагы, Төлөмүш аганы сыйлаган жагынан дагы өтө мыкты аял болчу”, - деп айтып жүрүшөт. Улуу муундагы радио угармандар Майра Жакып келинин “Бактыгүл” деген ат менен эстешет...

- Ооба. Таенем татар болгон. Ал 1964-жылы каза болуптур. Ал үй-бүлөсү менен 1948-жылдардан баштап Түркияда жашап, түркчө сүйлөшүп калган үчүн менин энемдин тили түркчө чыккан.

Кийин экөө үйлөнүп, атам жетимишинчи жылдары радиодо иштеп калганда, энеме радиодон кыргызча макала окутуп көрүптүр. Советтер Союзундагы радио угармандардан ошол макаланы окуган аялдын үнү бизге абдан жакты, түшүнүктүү болду деген каттар келген экен. Ошондон баштап атам апама кыргызча үйрөтө баштаптыр.

- Ошондо атаңыз “Азаттыкта” 20 жылдай иштеген экен.

- Менин атам репортёр болуп иштегендиктен, кайсы жерде кыргыз болсо эле ошол жакка бара калып жолугуп, интервью жасап турчу экен. Бир жолу Вашингтонго атактуу опера ырчысы Болот Миңжылкиев Борис Годуновду аткарып барып калыптыр. Эл абдан көп болуп, билет калбай калган экен. Ата-энем Миңжылкиевге барып, билет ала албай, операга кире албай калганын айтканда, ырчы уюштуруучуларга: “Сыртта менин мекендештерим турат. Эгерде алар операга кирбесе, мен ырдабайм”, - дейт. Ошондо менин ата-энем эң алдыңкы жакшы орундуктарда отуруп, опера көргөнүн айтчу эле.

- Сиз кыргыздын чыгаан таланттарынан, өнөр адамдарынан дагы кимдерди билесиз? Дегеле кыргыз маданиятына кызыгасызбы?

- 2009-жылы Бишкекке келгенде “Ордо сахнанын” концерти мага жаккан.

- Чыңгыз Айтматовду окуйсуз да? Жамийла деген атыңыздан улам сурап жатам.

- 1972-жылы “Жамийла” деген кинофильм чыгып калат. Атам ошол кинону көргөндө: “Менин үчүнчү балам кыз төрөлсө, атын Жамийла коем”, - деп айткан экен. Мен төрөлгөндө ошол айтканын аткарган. Ал эми 1967-жылы төрөлгөн эжемдин ысымын Зейнеп деп Азамат Алтай койгон экен.

Төлөмүш Жакып уулунун китептери.
Төлөмүш Жакып уулунун китептери.

- Бир топ жерлерди кыдырган экенсиздер. Кайсы жерлерде болдуңуздар? Жакында кетет экенсиз, кандай таасирлер менен кетип баратасыз?

- Биз балдарыбыз менен Байказак айылында туугандарды кыдырып, алар менен таанышкандан кийин Соң-Көлгө бардык. Менин балдарыма абдан жакты. Анткени Соң-Көлдө биз ат минип эс алдык. Андан кийин Ысык-Көлдү айланып саякаттадык. Көлгө түштүк. Ал жерде да атка миндик. Андан соң Бишкекке келдик. Бишкек мен көргөндөн бери абдан өзгөрүп, абдан өсүп жатыптыр.

- Кыргызстанды Германия менен, сиз жашаган Мүнхен менен салыштырып көрдүңүзбү? Кандайдыр бир өзгөчөлүктөрдү байкадыңызбы?

- Сиз мага ушул суроону бергениңиз абдан туура болду. Германияда немис тилинде бир макал бар, “ар бир адам жок дегенде бир дарак отургузуш керек” деген. Мен Кыргызстанда токойсуз, дараксыз көп такыр жерлерди көргөндөн кийин ушул макалды улантып, “ар бир кыргызстандык жок дегенде он дарак отургузуш керек” деген ойдо калдым.

Кыргыздын байлыгы бул – жаратылыш, токойлор, жаныбарлар. Европалыктар үчүн бул нерселер эң чоң байлык болуп эсептелет. Мен Кыргызстан ушул байлыктарын сактап калышын каалайт элем. Таштандыларды ар кайсы жерлерге көп таштабаса болот эле. Мага ушул таштандылар жакпай калды. Мага жаккан жактары, абдан таасир эткени - бул кыргыздардын патриоттуулугу жана эски салт-санааларын бекем сактап калгандыгы.

- Жамийла, ар дайым кош келиңиз. Кыргызстан сиздин да мекениңиз.

- Абдан кубанычта болдум.Рахмат!

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG