Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:59

UNAMA: "Талибан" аялдарды түрмөгө камап жатканын моюнга алды


Оогандык аял. Иллюстрациялык сүрөт
Оогандык аял. Иллюстрациялык сүрөт

БУУнун Ооганстанга жардам берүү миссиясы (UNAMA) өлкөнү иш жүзүндө башкарган "Талибан" кыймылынын аткаминерлери аялдарды "зомбулуктан коргоо үчүн абактарга камаганын" моюнга алганын билдирди.

14-декабрда жарык көргөн докладда айтылгандай, талибдер кыз-келиндер башкалкалаган 23 борборду жапкан, алар андай жайларды "Батыштын концепциясы" деп эсептешет.

2021-жылдын августунда “Талибан” Ооганстандагы бийликке кайтып келгенден бери Батыштагы расмий адамдар, эл аралык уюмдар жана жергиликтүү активисттер аялдардын укуктарына тынчсыздануусун айтып келатышат. Талибдер кыз-келиндердин билим алуусуна тыюу салган, айрым мекемелерде жана кызматтарда иштөөсүн чектеген, үйдө отуруу көрсөтмөсүн берген.

Күч органдары аялдардын нааразылык акцияларын ырайымсыз түрдө басып келатат. Жүздөгөн аял ошондой митингдерден кийин кармалган.

UNAMAөз докладында гендердик зомбулук иштери каралбай калганын, жабыркаган кыз-келиндер кимге кайрылууну билбегенин, арыздарды жалаң эркектер кабыл аларын белгилейт.

"Талибан" алгач башкарууда мурункудай авторитардык ыкма болбойт деп убада бергени менен, аялдарга тиешелүү айрым чектөөлөр ого бетер күчөтүлдү. Бир катар укук коргоочу уюмдар, өкмөттөр Ооганстанда “гендердик апартеид” орногонун айтышууда.

“Аялдарды кылмыш кодексин сактабастан, гендердик зомбулуктан коргоо шылтоосу менен түрмөлөрдө кармоо адамды соттун чечимисиз эркинен ажыратууга тете болуп калат”, - деп белгилейт UNAMA.

БУУнун агенттиги бийлик кыз-келиндерди зомбулуктан коргоого тийиш деп билдирди.

Эл аралык коомчулук "Талибандын" бийлигин тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG