Кыргызстанда 2023-жылдын 9 айында 27 аял төрөттөн каза болду. Бул тууралуу 14-декабрда саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.
Анын сөзүнө караганда, 2022-жылы ушул эле мезгилде 34 аял төрөттөн каза тапкан.
Быйыл январда Ысык-Ата райондук биргелешкен ооруканасынын төрөтканасында 19 жаштагы келин көз жарып, үйүнө чыккандан кийин көз жумган.
Ысык-Көл облустук төрөт үйүндө январь айында эки аптада алты ымыркай инфекциядан чарчап калган. Буга санитардык талаптар жана гигиена эрежелери сакталбаганы себеп экени расмий аныкталып, алты жетекчи иштен алынган.
Economist.kg басылмасы 2021-жылы Кыргызстанда кош бойлуу 100 миң аялдын дээрлик 25и төрөттөн каза болору тууралуу маалымат жарыялаган. (BTo)