Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Орусия: Энени колдоо капиталын орус жарандарына гана берүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы акыркы, үчүнчү окууда энени колдоо капиталын орус жарандарына гана берүүнү караган мыйзам долбоорун жактырды. Бул үчүн бала төрөлгөн маалда ата-эне экөө тең Орусиянын жараны болушу керек.

“Бизге келген мигранттардын балдары бул жакта төрөлгөндө, алар өз өлкөсүнүн жараны экенине карабай энени колдоо капиталын алышчу. Эми бул укукка баласы төрөлөрү менен Орусиянын жараны деп эсептелгендер гана ээ болот”,- деди Мамдуманын үй-бүлөнү коргоо, ата-эне жана балдар маселелери комитетинин башчысы Нина Останина.

Ал ошондой эле бул мыйзам “демографиялык маселелерди чечүүгө багытталганын” кошумчалады.

Мыйзам долбооруна ылайык, Москва аннексиялап алган Украинанын аймактарынын (“ДНР”, “ЛНР”, Запорожье жана Херсон облусунун айрым бөлүктөрү) тургундарына энени колдоо капиталы жарандыкты качан алганына карабай берилет.

Мыйзам долбоору Федерация Кеңешинен өтүп, президент кол коюушу керек. Кабыл алынып калса, 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG