Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:53

Журналист Саралаева Турсунбай Бакир уулун сотко берди


Турсунбай Бакир уулу.
Турсунбай Бакир уулу.

Журналист Лейла Саралаева мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулун сотко бергенин 13-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал арызга Бакир уулунун посту себеп болгонун айтты.

“Анын Фейсбуктагы эки баракчасында жалпы 30 миңден ашык катталуучу бар. Бул посттон улам мен моралдык жактан жапа чектим”, - деп жазган Саралаева.

Саралаева анын өкүлү Ленин райондук сотуна арыз жазганын, бул үчүн 1 млн 500 миң сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү өтүнгөнүн, алгачкы соттук отурум келерки жылдын 8-январына белгиленгенин тактаган.

Турсунбай Бакир уулу арыз тууралуу кабарсыз экенин, мындай шартта өзү да журналистке каршы даттанарын маалымдады.

Сөз болуп жаткан пост Бишкектин Ленин округунан Жогорку Кеңешти шайлоо өнөктүгү учурунда Фейсбукка жарыяланган. Бакир уулу менен Саралаева ушул округдан талапкер катары катталып, кийин мурдагы депутат саясий жарыштан баш тарткан.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бакир уулуна үгүт иштери баштала электе баннерлерди илип алганы үчүн эскертүү берген. Мындай чечим Саралаеванын жазган арызынын негизинде каралып, кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG