Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:24

УКМК Рысбек Акматбаевдин өлүмү боюнча кылмыштын бети ачылганын билдирди


Рысбек Акматбаев. 2006-жылдын 31-мартында тартылган сүрөт.
Рысбек Акматбаев. 2006-жылдын 31-мартында тартылган сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) буйрутма киши өлтүрүүлөр сериясына тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө көп жыл мурун кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин өлүмүнө алып келген кылмыштын бети ачылганын кабарлады. Бул тууралуу маалыматты мекеменин басма сөз кызматы 13-декабрда таратты.

Кыргызстан эгемендик алган жылдары кылмыш дүйнөсүндөгү таасирдүү фигурага айланган Рысбек Акматбаев 2006-жылдын 10-майында Бишкек шаарына жакын жердеги Көк-Жар айылында атып өлтүрүлгөн. Аны мечиттин жанынан Ауди-100 үлгүсүндөгү автоунаада жүргөн белгисиз адамдар курал менен аткылашкан. Акматбаевдин башына жана көкүрөгүнө ок тийип, ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Ошол учурдагы тергөөнүн версияларында киши өлтүрүүнү бир кылмышкер жасагандыгы көрсөтүлгөн. Ал беткап кийип Акматбаевди “Калашников” автоматынан атканы, андан соң унаага түшүп, Бишкек шаарын көздөй из жашырып кеткени айтылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”, 1997-жылкы редакция) менен кылмыш иши козголгон. Резонанстуу экенине карабай белгисиз себептер менен кылмыштын бети ушул убакка чейин ачылбай келген.

УКМК кайрадан жүргүзгөн комплекстүү ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Рысбек Акматбаевди өлтүрүүнү маркум Камчы Көлбаев (Асанбек), Алманбет Анапияев, Болот Самсалиев (“Боха Казарманский”) жана Марат Раимбеков (“Рэмбо”) уюштуруп, жасагандыгы аныкталганын билдирди.

“Рысбек Акматбаевди жок кылууну жогоруда аталган катышуучулардын баары аткарышы керек болгон. Бирок адам өлтүрүү учурунда унаанын рулунда М.Раимбеков, ошондой эле кылмышты көзөмөлдөө үчүн унаанын артында К.Асанбек отурган. А.Анапияев менен Б.Самсалиев К.Асанбектин чыгышын күтпөстөн, Р.Акматбаевди маңдайынан түз атып, андан соң алар белгисиз тарапка из жашырып кетишкен. Бул фактылар К.Асанбектин киши өлтүргүчүнүн (киллер) көрсөтмөлөрүнүн негизинде аныкталды, анын аты-жөнү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт”, – деп белгиленет УКМКнын маалыматында.

Атайын кызмат мындан тышкары учурда Камчы Көлбаевдин (Асанбек) жана анын кылмыштуу топторунун ушул сыяктуу башка кылмыштарга катышын аныктоо жана ачууга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирет. Анын жыйынтыгы тууралуу кошумча кабарланат.

1960-жылы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында туулган Рысбек Акматбаев 1990-жылдары уюшкан кылмыштуу топ түзүп, өзү анын башында турган. Кыргызстан эгемендик алган жылдары өлкөдө криминалдык дүйнөнүн эң таасирдүү анабашы катары белгилүү болгон. Бир нече кылмыштарга айыпталып, соттолуп чыккан, кээ бир кылмыштар боюнча акталган. 2006-жылы апрелде Жогорку Кеңешти шайлоодо Балыкчы округунан жарышка чыгып, утуп чыккан. Борбордук шайлоо комиссиясы Акматбаевге козголгон кылмыш иш боюнча Жогорку Соттун чечими чыга элек болгондуктан ага мандат берген эмес. Май айында ал киши колдуу каза болгон.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 2023-жылдын 4-октябрында Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Кримтөбөл Алманбет Анапияев 2015-жылы Беларуста киши колдуу каза болгон. “Боха Казарманский” деген ат менен белгилүү Болот Самсалиевди 2006-жылы Бишкекте белгисиз адамдар өлтүрүп кеткен, “Рэмбо” каймана аты менен таанылган Марат Раимбеков 2007-жылы дайынсыз жоголгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG