Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:34

13-декабрь: Акматбаевдин 17 жыл мурунку өлүмү, "Салимбай байбача" камакта калды


Рысбек Акматбаев. 2006-жыл.
Рысбек Акматбаев. 2006-жыл.

13-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

УКМК Акматбаевдин өлмүнүн бети ачылганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мындан 17 жыл мурун киши колдуу болгон кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин өлүмүнүн бети ачылганын билдирди. Атайын кызматтын малыматы боюнча, 2006-жылдын 10-майында Көк-Жар айылында мечиттин жанынан Ауди-100 үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз адамдар Акматбаевге куралдуу кол салышкан. Ал башына жана көкүрөгүнө тийген октон ошол жерде мүрт кеткен. Мекеме аны өлтүрүүгө машинени Марат Раимбеков айдап барганын, автоунаанын артында кылмышты уюштурган делген Камчы Көлбаев (Камчы Асанбек) отурганын билдирди. Болот Самсалиев менен Алманбет Анапияев Рысбек Акматбаевди аткандан кийин из жашырып кеткени кабарланды. Алардын баары тең уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон жана ар кандай жагдайда, ар кайсы жылдары каза тапкан. УКМК мындай көрсөтмөнү Камчы Көлбаевдин киши өлтүргүчү (киллер) бергенин маалымдап, анын аты-жөнүн ачыктаган жок.

Кызамыкка чалдыккандар 5500дөн ашты

2023-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамык жуктургандардын саны 5 532 адамга жетти. Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 1 637 киши. Жалал-Абадда – 1 591, Ош облусунда – 781 учур катталды. Быйыл кызамыктан төрт бала чарчап калды. Дарыгерлер илдеттин кесепети оор болорун эскертип, ата-энелерди балдарын өз убагында эмдетүүгө чакырууда. Бирок өлкөдө баласын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 16 миңге жеткени кабарланды.

Мектеп окуучулары онлайн окууга өттү

Ызгаардуу сууктан улам Кыргызстанда мектеп окуучулары аптанын аягына чейин онлайн окууга өттү. Ата-энелер онлайн окуу тууралуу маалымат кеч берилгенин, балдар мектепке барып алып убара болгонун айтышты. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев онлайн окуу боюнча алдын-ала маалымат бербеген кызматкерлерге чара көрүү демилгесин көтөрдү.

Бишкек. 12-декабрь, 2023-жыл.
Бишкек. 12-декабрь, 2023-жыл.

Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 11 миңдей маалымат түштү

Жыл башынан бери милицияга үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 11 миңдей маалымат түштү. Маалыматты зомбулукка кабылгандар, коңшулар, туугандар, же окуяга күбө болгондор укук коргоо органдарына берип турушкан. Катталган фактылардын 10 миңдейи ырасталып, коргоо ордери берилген жана аны аткарбаган 302 адамдын иши сотко жөнөтүлгөн. 19 жаран үч күндөн жети күнгө чейин камакка алынган.

Байден Украинаны колдоону улантууга убада берди

12-декабрда АКШ президенти Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолуккандан кийин Конгресстеги талаш-тартышка карабай Вашингтон Киевге колдоону улантарын айтты. Байден Конгрессти Украинага кошумча жардам бөлүүнү караган мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырып, бул Киевдин согушта жеңишине өбөлгө болорун

Украин президенти Зеленский АКШ сенаторлору менен жолугуп, Өкүлдөр палатасынын республикачы спикери Майк Жонсон менен өз алдынча сүйлөштү. Өткөн аптада Сенат Украина жана Израилге аскердик жардам берүүнү колдобой койгон.

Октябрдын аягында президент Жо Байден Украинага 61 млрд доллар бөлүүну Конгресстен өтүнгөн.

Чуулгандуу ишкер "Салимбай байбача" тергөө аяктагыча камакта калды

Ташкент шаардык полиция башчысынын орун басары Дониёр Ташхожаев Салим Абдувалиев буга чейин "курал-жабдык жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз жүгүрткөн" деп айыпталса, азыр мунун баарын "кооптуу рецивидист катары ишке ашырган" деген кине тагылууда. Эгер анын күнөөсү далилденсе, беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

73 жаштагы шектүү олигарх, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланыштары бар Салим Абдувалиев декабрдын башында кармалган.

Абдувалиев 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп турган.

2-декабрда Ташкенттин полициясы кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн жапырт кармаган. "Бахти Ташкентский" деген каймана ат менен белгилүү Бахтияр Кудратуллаев, “Сайидазиз медгородок” деген каймана ысым менен Саидазиз Сайдалиев сыяктуу кримтөбөлдөр кармалган.

Бишкекте “Айтматов жана театр” фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бишкекте жыйынтыкталган эл аралык фестивалына катышкан 14 спектаклдин ичинен үчөө баш бейгени жеңип алды. Азербайжан Мамбетов атындагы Казакстан мамлекеттик драма жана комедия театры “Бороондуу бекет” спектакли менен фестивалдын башкы сыйлыгын жеңсе, Астана шаарынын "Жаштар " театры “Жан пида” спектакли, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу драма театры “Ак кеме” спектакли менен баш байгеге татыды.

Х.Намсараева атындагы Бурят мамлекеттик академиялык театры койгон “Би-Толгонай" спектакли мыкты моноспектакль деп табылды.

“Аялзатынын эң мыкты ролу номинациясы” Өзбекстандын улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Малика Иброхимовага Толгонайдын образы үчүн, “Эркектин эң мыкты ролу” номинациясы Мамбетов атындагы Казакстан мамлекеттик драма театрынын актёру Нартай Сауданбек уулуна Эдигейдин образы үчүн ыйгарылды.

Мындан сырткары “Экинчи пландагы аялзатынын мыкты ролу”, “Экинчи пландагы эркектин мыкты ролу”, “Эң мыкты актёрдук ансамбль” деп табылган театр чеберлери да сыйланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG