Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:23

WSJ: ЦАХАЛ Газадагы ХАМАСтын тоннелдерине суу толтура баштады


Жөөт армиясы Аш-Шифа ооруканасынын алдынан 55 метр тереңдиктеги тоннел табылганын билдирди.
Жөөт армиясы Аш-Шифа ооруканасынын алдынан 55 метр тереңдиктеги тоннел табылганын билдирди.

Израилдин армиясы Газа тилкесиндеги ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму колдонгон тоннелдерге деңиз суусун толтура баштады. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы жазды. Маалыматка караганда, Израил бул тууралуу АКШга эскерткен.

Операция бир нече жумага созулушу мүмкүн. Ошону менен катар, макалада белгиленгендей, айрым америкалык аткаминерлер деңиз суусу менен каптатуу, Газа тилкесиндеги таза суу маселесине коркунуч жаратып, жер кыртышына зыянын тийгизиши мүмкүн деп тынчсызданышууда.

ЦАХАЛ расмий билдирүү жасай элек. WSJ басылмасынын маалыматында, ноябрь айынын ортосуна чейин жөөт армиясы Аш-Шати качкындар лагеринен бир жарым чакырым алыстыкта кеминде беш насос орноткон. The Jerusalem Post гезити ошондо эле тоннелдерди суу каптатуу башталганын жазды.

Израил армиясы Газа тилкесинде 800дөн ашуун радикал топко тиешеси бар тоннелдер аныкталганын, алардын 500дөн көбү жардыруучу заттар менен жок кылынганын 4-декабрда билдирген. Алар тараткан маалыматка ылайык, тоннелдер мектептердин, мечиттердин, ооруканалардын жана спорттук жайлардын алдынан өтөт. Бул маалыматты башка булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

ХАМАС радикал кыймылы 7-октябрда Израилге кол салып, 1200 кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган. Бул окуядан кийин жөөт армиясы ХАМАСка каршы согуш жарыялап, Газа тилкесине чабуулун баштаган.

БУУ жана бир катар эл аралык уюмдар анклавда гуманитардык кризис күч алганын билдирип, ок атышууну токтотууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG