Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Өчпөс отту өчүргөн өзбекстандык өспүрүмдөр Орусиядан чыгарылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Санкт-Петербургдун полициясы кар менен Өчпөс отту өчүргөн үч баланы жана алардын ата-энелерин өлкөдөн депортациялоо боюнча сотко кайрылууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин аймактык башкармалыгы социалдык тармактар аркылуу билдирди.

Интернетте жарыяланган видеолордо өспүрүмдөрдүн бири кар менен Өчпөс отту өчүрүп салганы тартылган. Жанындагы эки бала аны сүрөп турган. От өчүп калганда, балдар качып кетишкен. Полиция алар 10 жана 14 жаштагы ага-инилер, 12 жаштагы өспүрүм экенин аныктаган.

“Фонтанка” менен “База” агенттиктери өспүрүмдөрдүн ата-энелери өзбекстандыктар экенин жазды.

Полиция билдиргендей, балдар үй-бүлөлөрү менен Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузганы белгилүү болду. Мындан улам аларды депортациялоо маселеси каралууда.

Окуя боюнча баардык тийиштүү маалыматтар тергөө органдарына өткөрүлгөнү расмий кабарланды.

XS
SM
MD
LG