Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:36

АКШ: Орусия Украинанын жарандык инфратүзүмдөрүнө чабуулду күчөттү


 Ак үйдүн алдындагы Коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби.
Ак үйдүн алдындагы Коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби.

Орусиянын армиясы ракеталар жана дрондор менен Украинадагы жарандык инфратүзүмдөргө сокку урууну күчөттү. Бул тууралуу Ак үйдүн Коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби 11-декабрда билдирди. Ал кошумчалагандай, шейшембиде украин президентин президент Жо Байден кабыл алат. Байден Конгрессти Киевге кошумча жардам бөлүүгө көндүрүү аракетин улантат.

Кирбинин айтуусунда, Вашингтон ай соңуна чейин Украинага кошумча жардам көрсөтүлөрүн жарыялары күтүлүүдө.

Ак үйдүн өкүлү Эндрю Бейтс билдиргендей, Байден жана анын администрациясынын жогорку даражалуу өкүлдөрү Конгресс өкүлдөрү менен байланышта болуп, Украинага кошумча жардам көрсөтүү маселесин талкуулап жатышат.

“Украинада биздин улуттук коопсуздуктун маселеси чечилип жатат. Путин Украинада жеңишке жетсе,Чыгыш Европанын НАТОго мүчө башка мамлекеттери боюнча дагы өз пландары бар экенин кыйытты. Биз аларды коргоого милдеттүүбүз”,-деди Бейтс журналисттерге.

АКШнын Сенаты 6-декабрдын кечинде Украина жана Израилге аскердик, Газага гуманитардык жардам берүү каралган мыйзам долбоорун колдобой койгон.

Октябрдын аягында президент Жо Байден Конгресстен эл аралык коопсуздукка жумшалчу каражатты бекитүүнү өтүнгөн. Украинага ал пакеттин алкагында 61 млрд доллар берилмек.

Республикачыл мыйзам чыгаруучулардын көбү Киевге жардам берүүнү улантууну колдогону менен, мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG