Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Орусияда учак бузулган же кырсыкка кабылган учурлар үч эсеге өстү


12-сентябрда"Урал аба жолдорунун" Airbus-A320 учагы Новосибирскидеги Убинское айылында талаага авариялык конууга аргасыз болгон.
12-сентябрда"Урал аба жолдорунун" Airbus-A320 учагы Новосибирскидеги Убинское айылында талаага авариялык конууга аргасыз болгон.

2023-жылы Орусияда жергиликтүү авиакомпаниялардын учактары бузулган же кырсыкка кабылган 180ден ашуун окуя катталды. Бул 2022-жылга салыштырмалуу үч эсе көп.

Newsweek журналисттеринин эсебинде, учактарга байланышту жагымсыз окуялар ылдам көбөйүүдө. Мисалы, 12 учак бузулса, декабрдын алгачкы он күнүндө эле бузулган учактардын саны 14кө жетти.

Эксперттер муну Орусиянын авиация тармагына киргизилген санкциялардын жыйынтыгы деп баалап, буга чектөөлөрдөн улам учактар сапаттуу тейленбей калганын жүйө келтирип жатышат. Алар орусиялык компаниялар учактарын өз алдынча оңдоп, көбүнчө квалификациясы жок жумушчуларды тартууга мажбур болуп жатканы белгилешүүдө.

Москванын Украинадагы согушунан улам жарыяланган санкцияларга байланыштуу орусиялык авиакомпаниялар учактардын тетиктерин чет мамлекеттерден түз сатып ала албайт.

2022-жылы Европа Биримдиги Орусиянын 21 авиакомпаниясын учууга кооптуу деген жүйө менен кара тизмеге киргизген. Алардын арасында "Урал аба жолдору", "Аэрофлот", "Победа", S7, "Россия" жана "Ютейр" бар.

XS
SM
MD
LG