Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

USAID Кыргызстандагы мектептерге 1 млн 800 миңге жакын китеп берди


USAID берген китептер.
USAID берген китептер.

12-декабрда АКШнын эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдөгү 1681 мектепке 1 млн 800 миңге жакын балдар китептерин тапшырды.

Иш-чара Бишкектеги №21 мектепте өтүп ага билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, USAID уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Кая Адамс катышты. Бул саамалык жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата өтүп жатат.

7-11 жаштагы балдар үчүн басылып чыккан китептер төрт тилде жазылган. Арасында жомок, фантазия, энциклиподия, комикс түрүндөгү китептер бар. Аларды мектепте предметтик сабакка же кошумча китеп катары колдонсо болот. Китептердин электрондук версиясы илим берүү жана илим министрлигинин сайтында жана bloomlibrary.org сайтында бар.

USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору башталгыч класстарда окуган 450 миң окуучунун окуу жана математикадан жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жатат жана өлкөдөгү жалпы мектептердин 75% камтыйт. (MKt)

XS
SM
MD
LG