Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

CDC: Казакстан кызамыктын жайылышы боюнча үчүнчү орунга чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) маалыматына караганда, Казакстан кызамыктын (корь) жайылышы боюнча дүйнөдө үчүнчү орунга чыкты. Анын алдында Йемен менен Индия турат.

Ноябрь айынын статистикасына ылайык, Йеменде бул илдетке чалдыккандардын саны 23 миңге жетсе, Индияда 15 миңдин тегерегинде, ал эми Казакстанда 13 миңге чамалады. Тизмеде кийинки орундарды Эфиопия, Пакистан, Конго Демократиялык республикасы жана Орусия турат.

CDC кызамыктын күтүлгөндөн көбүрөөк жайылышын коронавирус пандемиясына байланыштырат. Анткени 2020-2022-жылдары кызамыкка каршы эмдөө убагында жүргүзүлбөй, 61 миллион вакцина калып калган.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышынын себебин эмдөөдөн баш тартуудан көрөт. Акыркы эки-үч айда Кыргызстанда дагы кызамык жуккан балдар көбөйдү. Өткөн аптанын соңунда Жалал-Абад облустук балдар клиникалык ооруканасында кызамыктан бир жаштагы наристе чарчап калганы кабарланды.

Дарыгерлер кызамыктын кесепети жаман болорун эскертип, ата-энелерди балдарды өз убагында эмдетүүгө чакырышууда.

Кызамыкка каршы пландуу эмдөөлөр адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып, жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жасалууда.

XS
SM
MD
LG