Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:28

Ош: мэрди иштен алуу демилгеcин президент Жапаров колдогон жок


Бакытбек Жетигенов.
Бакытбек Жетигенов.

Ош шаардык кеңешинин калаа мэри Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча өтүнүчүн президент Садыр Жапаров колдогон жок. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков 11-декабрда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал президенттин администрациясынан келген катты көрсөткөн жок.

Чечим тууралуу президенттин басма сөз кызматы азырынча маалымат бере элек.

Ош шаардык кеңеши 14-ноябрдагы сессиясында мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Жашыруун добуш берүүгө 42 депутат катышып, жыйынтыгында алардын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдоп, үч депутат каршы болгон. Депутаттар буга шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатканын жүйө кылышкан.

Бакытбек Жетигенов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, “бул депутаттардын жеке таарынычы жана кызыкчылыгы” экенин айткан.

57 жаштагы Бакытбек Жетигенов Ош шаарына мэр болуп бир жыл мурда дайындалган. Ал мурда Жогорку Кеңештин депутаты болгон, 2021-жылы ноябрда “Бийликти күч менен басып алууга даярдануу” деген берене боюнча кармалып, бир айдан кийин бошотулган. Аны жоопко тартууга парламент макулдук берген эмес. (DSh)

XS
SM
MD
LG