Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:43

Ошто “Классик” мейманканасындагы окуя боюнча мэриянын кызматкерлерине иш козголду


Ош шаардык прокуратурасы.
Ош шаардык прокуратурасы.

Ош шаардык прокуратурасы “Классик” мейманканасынын жетекчисинин арызы боюнча Ош шаардык мэриясынын кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Азаттыка” шаардык прокуратурадан билдиришти.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, иш Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен козголду.

Буга чейин “Классик” мейманканасынын ээси Жаныбек Ажимаматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына, Ош шаардык кеңешине арыз менен кайрылган.

Ал арызында 5-октябрь - шаар күнүндөгү сый тамакты бекер өткөрүп берүү талабы коюлганын айтып, Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсуповго жана мэрдин ошол учурдагы коомдук башталыштагы кеңешчиси Абдүшүкүр Жураевге каршы даттанган.

“Азаттык” радиосу “Классик” мейманканасынын айланасындагы чырды чагылдырган. Бул окуялардан кийин Абдүшүкүр Жураев кызматтан кеткен. (DSh)

XS
SM
MD
LG