Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:57

Бишкекте тыюу салынган буюмдарды өрттөгөндөрдү текшерүү уланууда


Бишкектин абасын булгоочу заттар.
Бишкектин абасын булгоочу заттар.

Бишкек шаарынын комиссиясы Жаратылыш ресурстары министрлиги менен бирге мончо жана сауналарда тыюу салынган буюмдарды өрттөөгө каршы рейд жүргүздү. Бул тууралуу шаар бийлигинен кабарлашты.

Маалыматта акыркы жети күндө Биринчи май районундагы 12 мончо текшерилгени, ал жерлерде экологиялык эрежелерди бузуу фактылары катталбаганы айтылат. Ошол эле маалда түшүндүрүү иштеринин натыйжасында М.Ганди көчөсүндөгү "Арашан" мончосу , Профсоюз - П.Лумумба көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ден соолук» мончосуна түтүндү чыпкалоочу жабдуулар орнотулган.

Октябрь районундагы Достоевский көчөсү 22 дарегиндеги мончого чүпүрөк-чапырак менен жылыткандыгы үчүн айып пул салынган.

Ленин районунда "Бодрость" мончосу (С.Боронбай көчөсү 57), Иманалиев көчөсү 143 "Б" дарегиндеги мончонун ар бири 13 миң сомдон айып тарттырылды.

Бишкекте 373 мончо жана сауналар бар. Анын 259у көмүр менен, 35и газ менен жылытылат, дагы 59 мончо иштебей турат.

Бишкек кыш түшкөн сайын ыштан улам дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын сап башынан түшпөй келатат. Абаны, Бириккен улуттар уюмунун иликтөөсү боюнча, негизинен автоунаалар, жаңы конуштардагы көмүр жагуучулар жана Бишкек ЖЭБи булгайт.

Министрлер кабинетинин 5-декабрдагы отурумунда абаны жакшыртуу максатында “Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан атмосфералык абаны коргоо жаатындагы ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” токтом кабыл алынды.

Ал чечимге ылайык 2024-жылдын 1-январынан тартып борбордогу абанын тазалыгын сактоо жаатындагы буга чейинки Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине таандык укуктар эми Бишкек мэриясына өтөт.

Министрлик пилоттук долбоорду ишке ашырууда мэрияга жардам бермекчи.

XS
SM
MD
LG