Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:40

Энергетикадагы абал: суу тартыш, керектөө көп


“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагыч. Архивдик сүрөт.
“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагыч. Архивдик сүрөт.

Энергетика министрлиги жыл башынан бери 3 млрд кВт/саат көлөмдөн ашыгыраак электр энергиясын коңшу өлкөлөрдөн импорттогонун маалымдады. Жыл соңуна чейинки дефицит мындан көбүрөөк деп эсептелген. Кыргызстан быйыл 17 млрд кВт/саат керектесе, өзү анын 14 миллиардын гана өндүрүүгө чамасы жетти.

Себеби, суу тартыш жана керектөө жылдан жылга жогорулап баратат. Кыргыз өкмөтү кеминде үч-төрт жылда бул айланкөчөктөн чыгууга мүмкүн экенин билдирүүдө. Бирок андан күмөн санагандар арбын.

Импортко көз карандылык жана дымактуу план

Кыштын алгачкы айы башталганы энергетика министри Таалайбек Ибраев өзү жетектеген мекемеге караштуу органдардын жетекчилери менен чогуу күзгү-кыш мезгилине карата аткарылып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берди. Негизинен министр өзү баяндама жасап, алгач энергетикадагы керектөө менен өндүрүү тууралуу айтты:

Таалайбек Ибраев
Таалайбек Ибраев

“Кыргызстандагы электр энергиясынын 90% гидроэлектрстанциялардан иштелип чыгат. Калганын жылуулук электр борборлорунан жана башка булактардан алабыз. Биз 2023-жылы 14 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүүнү пландаганбыз, ал эми керектөө жыл соңуна чейин 17,4 млрд кВт/саат болот деп коюлган. Ушул күндөрдөгү эсеп менен сандар биз пландагандай эле келе жатат. Анын ичинде жетпеген 3,5 млрд кВт/саатын сырттан импорттойбуз, бүгүнкү күнгө чейин мунун 3 млрд көлөмүн толук импорттодук”, – деди Таалайбек Ибраев 8-декабрда.

Министрдин айтымында, импорттун көбү Түркмөнстандан келип жатат. Тагыраагы бул өлкөдөн 1,6 млрд кВт/саат сатып алынды. Казакстандан 981 млн кВт/саат сатып алынса, Орусиядан 272 млн кВт/саат жана Өзбекстандан 146 млн кВт/саат импорттолду.

Расмий Бишкек энергетикадагы тартыштыкты жабуу үчүн соңку жылдары ошол эле Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алып келген.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Орусиядан 875 млн кВт/саат электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашууга кол коюлган. Орусиянын “Интер РАО” компаниясы Кыргызстанга электр энергиясын Казакстандын энергосистемасы аркылуу өткөрүп жатат.

Эмне үчүн? Анткени, Кыргызстанда электр энергиясына керектөө жыл сайын өсүп жатат. Бирок гидро электр станциялардын кубаттуулугу көбөйгөн жок. Айталы, 2021-жылы 15,1 млрд кВт/саат электр тогу өндүрүлсө, кайра 16,3 млрд кВт/саат керектелди. 2022-жылы болгону 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, ошол эле маалда керектөө 15,9 млрд кВт/саат көлөмдү түзгөн.

2023-жылкы сандарды министрдин сөзүнөн көрдүк. Келерки жылдары дагы керектөө өсөт. Бул деген кошумча кубаттуулуктарды жаратып, суу, шамал, күн же башка энергетика булактарын түзүүнү талап кылат. Так ошол максатта Кыргызстандын энергетика тармагында быйыл августтан тартып үч жылга өзгөчө кырдаал киргизилген.

“Биз айтып эле келе жатабыз, бул өзгөчө кырдаал учурунда кошумча генерацияларды түзүшүбүз керек. Биз 2013-2014-жылдары деле жылы 14 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүп турганбыз. 2023-жылы деле куду ушунча гана электр энергиясын гана чыгарууга чамабыз жетип жатат. Он жылда өндүрүүбүз ошол бойдон эле токтоп турат. Керектөө өсүп отуруп 17,2 млрд кВт/саатка жетүүдө. Ал эми 2026-жылы керектөө кеминде 17,1 млрд кВт/саатка жетет. Биз ошол учурда ушунча электр энергиясын өндүрүүгө жетип, 2027-жылдан экспортко чыгышыбыз керек. 2035-жылы биздин керектөө 26,4 млрд кВт/саатка жетет. Ал эми Кыргызстандын энергетика системасы ал жылдары 40 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүүгө кудуреттүү болуп калышы шарт”, – деди энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Мурдараак Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров атайын кайрылуу жасап, жакынкы жылдары курула турган энергетикалык кубаттуулуктар тууралуу өкмөттүн планын жарыялаган.

Ага ылайык, 2026-жылдын соңуна чейин Кыргызстанда 4 ГВт 700 МВт ашуун кубаттуулуктагы 48 гидро электр станциясы жана 5 ГВт 700 МВт кубаттуулуктагы 15 күн менен шамалдан энергия алуучу станциялар курулат.

Мындан тышкары Токтогул, Үч-Коргон ГЭСтери реконструкцияланса, кошумча 276 МВт кубаттуулук кошулат. Ал эми “Камбар-Ата-1” жана “Камбар-Ата-2” толук курулуп бүтсө, экөө биригип 2 ГВттан ашуун кубаттуулукка ээ болору маалымдалган.

Кыргызстанда ушул тапта жети ири гидроэлектрстанция бар. Алар: Токтогул (1200 мегаватт), Күрпсай (800 мегаватт), Таш-Көмүр (450 мегаватт), Шамалды-Сай (240 мегаватт), Үч-Коргон (180 мегаватт), “Камбар-Ата-2” (120 мегаватт) жана Ат-Башы (40 мегаватт) ГЭСтери.

Мындан сырткары өлкөдө эки ири жылуулук электр борбору Бишкек ЖЭБи (812 мегаватт) жана Ош ЖЭБи (40 мегаватт) бар.

Демек, жалпы санаганда Кыргызстанда 3892 мегаватт кубаттуулук бар. Же муну 3 ГВт 892 МВт деп айлантсак болот. Эгерде өкмөт жарыялаган план ишке ашса, анда алдыңкы жылдары Кыргызстандагы энергетикалык кубаттуулук 14-15 ГВтка жетип калышы керек. Бирок айрым эксперттер мындан күмөн санап турат.

Энергетика боюнча эксперт, "Түндүкэлектр" ишканасынын мурдагы башчысы Сапар Аргынбаев “Азаттыкка” берген комментарийинде буларга токтолду:

Сапар Аргынбаев
Сапар Аргынбаев

“Күн жана шамал электр станцияларга инвестиция тартып, салабыз деп жатышкан болсо, балким ал аз-маз реалдуу болушу мүмкүн. Бирок дарыяларга чакан ГЭСтерди куруу менен генерацияны көбөйтөбүз дешсе кыйын. Анткени, дарыяларда азыр ансыз деле суу жок. Кышында алар такыр иштей албайт. Ал тургай азыр иштеп жаткан станциялардын өзүнө суу жетишпей жатат. Керек болсо “Камбар-Ата-2” ГЭСи да аз эле суу менен иштеп жатат. Маселен, анда 76 миллион куб метр гана суу бар, бул бир эле агрегатка жетет. Ошондо да жайында жетет, бирок кышында дээрлик токтотууга аргасыз болушат. Ал эми “Камбар-Ата-1” ГЭСин Казакстан, Өзбекстан менен чогуу курабыз дешкени менен, анын курулушу деле кеминде 7-8 жылды чапчыйт. Жогорку Нарын ГЭСтер каскады деле бир күндө бүтпөйт. Анан чакан ГЭСтерге үмүт артып, 2026-жылга чейин ошондой кубаттуулукка жете калабыз дегени мүмкүн эмес”.

Кыргызстан дүйнөдөгү экологиялык таза энергиянын ири коруна ээ өлкөлөрдүн бири. Окумуштуулар Кыргызстандагы электр энергиясынын 90% ашууну гидроэлектр станцияларынан өндүрүлгөнүнө карабай, чоң жана майда суулардын 10% гана пайдаланылып жатканын белгилеп келет. Ири жана майда дарыялардын баарынын энергетикалык мүмкүнчүлүктөрү 142,5 млрд кВт/саат деп бааланат.

Эртеңки куйруктан, бүгүнкү өпкө

Албетте, план деген план. Кыргызстан мурдатан эле CASA-1000 сыяктуу дымактуу долбоорлорго кошулуп, сыртка электр энергиясын экспорттоону максат кылып келет.

Аталган долбоор Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо багытында ишке ашып жаткан долбоор. Бирок ал толук ишке киргиче Кыргызстан кубаттуулуктарын арттыра алабы же жокпу, ал өзүнчө маселе.

«CASA-1000» долбоору тууралуу маалымат жана анын картасы.
«CASA-1000» долбоору тууралуу маалымат жана анын картасы.

Ага чейин быйыл кыштан аман-эсен чыгып алуу керек. Катардагы колдонуучулар үчүн азыр “эртеңки куйруктан, бүгүнкү өпкө артык” принциби маанилүү болуп турат.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев буга чейинки билдирүүлөрүндө да, соңку басма сөз жыйынында да өчүрүүлөр тууралуу кеп болду. Ал быйыл кышта кезектешип өчүрүүлөр болбой турганын, болсо да ал авариялык абалдан улам болушу мүмкүн экенин айтты.

"Трансформаторлорго ашыкча күч жүктөлсө кышында өчүрүүлөр болушу мүмкүн. Анткени биз, бирин өчүрүп, экинчисин жандырышыбыз керек. Бул үчүн биздин адистерге кеминде бир же 1,5 саат керек. Эгер трансформатордук көмөкчордон биздин объекттин жанында жайгашкан болсо, же бөлүштүрүүчү тармак болсо, анда бул жарым саатты талап кылат. Эгер барууга туура келсе, күндүз жана тыгындарды эске алганда, көбүрөөк убакыт талап кылынат. Мына ошол маалда гана электр энергиясы аз-маз үзүлүп турушу мүмкүн, бирок жабдуулар оңдолгондон кийин жарык сөзсүз кайра берилет", – деди министр.

Энергетика министрлиги жогоруда билдиргендей, быйыл импорттун эсебинен сууну үнөмдөп жатканын билдирүүдө. Ошол себептүү өлкөнүн эң башкы Токтогул ГЭСиндеги суу сактагычта сууну сарамжал пайдаланып, келерки апрелге 7,2 млрд куб метр менен чыгарын билдирүүдө. Министр өзү кезинде көлөм жазга 6 млрд млрд куб метр менен чыккан учур болгонун, мындан кабатыр болууга негиз жоктугун билдирүүдө.

“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагыч. Архивдик сүрөт.
“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагыч. Архивдик сүрөт.

“Электр станциялары” ишканасынын сайтындагы индикатордон көрүнүп тургандай, ушул күндөрү Токтогулдагы суунун көлөмү 11,393 млрд куб метрге чейин түштү. 2022-жылдын ушул маалында суу 12 млрд куб метрден ашыгыраак болчу.

Ошол эле маалда пессимисттик маанайда карагандар да бар. Энергетика боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев мындай деди:

Мырзатай Султаналиев
Мырзатай Султаналиев

“Суунун көлөмү аз экенин көрүп жатабыз, ал жетпейт. Эгер кыш бүгүнкү күнгө чейинкидей жылуу болсо, анда кыштан эптеп чыгып кетебиз. Бирок мен метеорологиялык маалыматтардан окуганымдай, февралда күн суук болот экен. Ошондуктан менимче баары бир өчүрүүлөр болот. Кыргызстандагы азыркы 4 ГВт электр энергиясынын кубаттуулугу суткасына 70 миллион кВт/сааттан ашыкча энергия ашык бере албайт. Азыр го жылуу болуп, керектөө 50-55 млн кВт/саат болуп жатат. Бирок мурдагы жылдары суук кезде кышкы керектөөлөр суткасына 76-80 миллион кВт/саатка жетип кеткенин билесиңер. Суук күндөр беш күндүк, он күндүк болуп кетет. Ошол күндөрү керектөө өсөт. Бирок 70 миллион кВт/сааттан ашып кетсе, эмне кылышат? Өчүрүшөт да”.

Кыргызстанда калктын жана мамлекеттик мекемелердин көмүргө болгон керектөөсү 1 млн 276,0 миң тонна деп бааланат. Министрликтин маалыматында, ушул күнгө чейин жеке жарандар 75% көмүр менен камсыз болду.

Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) керектөөсү 1,2-1,5 млн тоннаны түзөт. 2023-2024-жылытуу сезонуна борбор Казакстандын 550 миң тонна көмүрүн, Кыргызстандын 650 миң тонна көмүрүн сатып алары пландалган. Учурда ЖЭБдин кампасында жалпы 309 миң тонна сакталып турат.

Мурдараак Kaktus.media басылмасы ЖЭБ баш ийген “Электр станциялары” ишканасындагы булактарына таянуу менен, борбор жылытуу сезонуна бекитилген графигине жетпей жатканын жазып чыккан. Медиа билдиргендей, жеткирүүчүлөр кеминде 50 миң тонна көмүрдү пландалгандан кечиктирип жаткан. ЖЭБдин басма сөз кызматы кийин буга түшүндүрмө берип, мекемени көмүр менен камсыздоо кечиккенин төгүндөгөн.

Сентябрдын башында энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев быйыл Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынганын жар салган. Ал мындай чара борбордо кышында көйгөйгө айланган ышты азайтууга мүмкүндүк түзөрүн кошумчалаган. Мындан бир нече күндөн кийин энергетика министри Таалайбек Ибраев басма сөз жыйынын өткөрүп, Бишкек шаарында Кара-Кече кенинин көмүрүн сатууга жана жагууга салынган тыюу кайрадан алынып, уруксат берилгенин билдирген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG