Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:30

Украина өзбекстандык “Фотон” компаниясына санкция салды


Микрочип.
Микрочип.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши өзбекстандык “Фотон” компаниясына санкция салды. Бул тууралуу кабар украин президентинин кеңсесинин сайтына чыкты. Маалыматка караганда, Владимир Зеленский тиешелүү буйрукка 7-декабрда кол койду.

Украинанын Коопсуздук кызматынын сунушу менен бул сапар 181 адамга жана 185 ишканага санкция киргизилди. Алардын арасында Өзбекстандагы “Фотон” электроника заводу жана анын 67 жаштагы жетекчиси Марифходжа Сайдумаров дагы бар. Тизмеге киргендердин активдери 10 жылга тоңдорулуп, ар кандай соода жана транзиттик операциялар блоктолот.

“Фотон” заводу 1941-жылы Подмосковьеден эвакуацияланган ишкананын негизинде түзүлгөн. 1995-жылы акционердик коомго айланып, учурда “Узэлтехсаноат” холдингинин бир бөлүгү катары саналат. Учурда бул завод радиоэлектрондук аппаратуралар үчүн микросхемаларды жана ар кандай электротехникалык буюм-тайымдарды чыгарат. Украина эмне себептен бул заводго санкция салганы так белгиленген эмес. Бирок тизмедеги адамдардын жана ишканалардын бардыгы кандайдыр бир деңгээлде Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттерине көмөктөшүп жатканы жазылган.

Ноябрь айында украин бийлиги орусиялык олигарх Алишер Усмановго тиешеси бир Өзбекстандагы бир нече ишкананы кара тизмеге алган.

Буга чейин "Азаттык" радиосу Украинада уруш башталгандан көп өтпөй Кыргызстанда жана Казакстанда ачылган компаниялар Орусияга Батышта чыгарылган, санкцияга кабылган электроника товарларын жөнөтүп жатканын аныктаган. Мындай кош багыттагы микрочиптерди Борбор Азиядан импорттогон орусиялык ишканалардын Кремлдин аскердик өндүрүшүнө байланышы бар экени белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG