Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:54

Сот депутат Алимжановдун ОшМУга каршы арызын канааттандырган жок


Farhodbek Ajimjanov
Farhodbek Ajimjanov

Ош шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжановдун дипломунун жасалма экени боюнча чечимди Ош мамлекеттик университетинин бергенин мыйзамдуу деп тапты. Мындай чечим 8-декабрдагы отурумда чыкканын Алимжанов “Азаттыкка” ырастады.

“Мен мыйзамдуу болгон бардык укуктарымды колдоном, кийинки инстанцияга да кайрылам”, - деди Алимжанов.

Депутат мандатынан ажыратылышына негиз болгон диплом боюнча чечимди Борбордук шайлоо комиссиясына Ош мамлекеттик университетинин бергени мыйзамсыз болгон деген арыз менен сотко кайрылган. Бул иш Ош шаардык административдик сотунда карала баштаганын анын адвокаты Таалайкүл Токтакунова 28-августта “Азаттыкка” билдирген. Ал БШК Алимжановдун мандатын жокко чыгаруу үчүн чечимди университет эмес, Билим берүү министрлиги бериши керектигин айткан.

Боршайком Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду ("Альянс") диплом чырына байланыштуу 6-июлда мандатынан ажыраткан. Экөө тең комиссиянын чечимине каршы сотко арызданган. Алгач райондук, кийин Бишкек шаардык соту да алардын арызын канааттандырган эмес.

Исмаилов бул чечимге нааразы болуп, кийинки инстанцияга кайрылган. 30-октябрда Жогорку Сот Исмаиловдун мандатынын алынышын мыйзамдуу деп тапкан. Боршайком соттун чечимине таянып, 21-ноябрда Исмаиловдун мандатын “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Чынберди Төлөновго тапшырган.

Фарходбек Алимжанов Жогорку Сотко кайрыла элек.

Былтыр апрель айында Улуттук коопсуздук комитети Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаган. Ал эми Алимжанов жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында алган.

XS
SM
MD
LG