Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:46

Депутаттар Мадумаровду үй камагына чыгарууну өтүнүп сотко кайрылышты


Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин борбордук трибунасында. Архивдик сүрөт.
Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин борбордук трибунасында. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду үй камагына чыгарууну өтүнүп Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Мирбек Сатарбек уулуна кайрылышты.

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү, депутат Эмил Токтошев билдирди. Ал эл өкүлдөрү Адахан Мадумаров үчүн жоопкерчилик алуу тууралуу ишти карап жаткан судьяга кепилдик өтүнүч катын жазып, кол коюп беришкенин билдирди.

8-декабрда Биринчи Май райондук соту саясатчыны үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттарынын өтүнүчүн карап, канааттандырган жок. Адахан Мадумаровдун адвокаты Гуляна Убалиева судья Мирбек Сатарбек уулу Жогорку Кеңештин 75 депутаты кол коюп берген өтүнүчтү эске албаганын айтты.

Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармаган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Адахан Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кезде Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон.

Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG