Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:42

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт


Бишкек шаары. Архив.
Бишкек шаары. Архив.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 9-декабрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -4…+1,

Талас жергесинде түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9° болот.

XS
SM
MD
LG