Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Саламаттык сактоо министрлигине 100дөн ашык автоунаа берилди


Саламаттык сактоо министрлигине берилген техникалар. 8-декабрь, 2023-жыл.
Саламаттык сактоо министрлигине берилген техникалар. 8-декабрь, 2023-жыл.

8-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте саламаттык сактоо тармагына 107 автоунаа тапшырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта, баасы 3 млн долларга бааланган техникаларды Орусия Кыргызстанга COVID-19 кесепеттерин жоюу долбоорунун алкагында берди.

Алардын ичинде 47си “Тез жардам” автоунаасы, 54ү санитардык транспорт, каза болгондордун сөөгүн ташуу үчүн төрт автоунаа жана дезинфекциялоочу эки машина бар. Акылбек Жапаров иш-чарада бийлик жасап жаткан иштер тууралуу да сөз кылды.

“Өлкө көтөрүлүшү үчүн Садыр Нургожоевич бүт күчүн, жан-дүйнөсүн жумшап жатат. Коркунучка карабай, өз өмүрүн тобокелге салып, Камчыбек Кыдыршаевич коррупция, кылмыштуулук жана уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө. Министрлер кабинети экономиканы жана бюджетти көтөрүүдө. Бирок адам ооруп жатканда бардык аракет жардам бербесе, анда ал текке кетет. Ошондуктан биздин дарыгерлер абалдын курчушуна жол бербеши керек. Бул сиздин түздөн-түз милдетиңиз экенин баса белгилегим келет жана сиз жана сиздин команда муну чече алат деп биз ишенебиз”, - деди ал.

Акылбек Жапаров жыл сайын сасык тумоо сыяктуу сезондук жана түрдүү вирустук эпидемиялардан улам көптөгөн ооруканалар, анын ичинде балдар ооруканалары да бейтаптарга толуп калып жатканын айтып, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жарандарды өз убагында тейлөө жана дарылоо үчүн медициналык бригадаларды же адистештирилген бөлүмдөрдү түзүү боюнча тапшырмаларды берди. (BTo)

XS
SM
MD
LG