Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

Энергетика министри Кыргызстан үч-төрт жылда көмүр импортунан кутуларын айтты


Таалайбек Ибраев
Таалайбек Ибраев

Кыргызстан өзүнүн көмүр кендерин иштетүү менен Казакстандан көмүр импорттоо муктаждыгынан кутулат.

Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 8-декабрда маалымат жыйында билдирди. Анын белгилешинче, быйыл Кытайдын инвесторлору менен Кыргызстандагы бир катар көмүр кендерин иштетүү үчүн 282 млн долларлык келишимге кол коюлган. Министрдин маалыматында кытайлык инвесторлор "Кыргыз көмүр" ишканасы менен чогуу Тегене, Торугарт, Кара-Кабык, Балыкты, Сүлүктү талаа-11, Торугарт-2, Миңкуш жана башка көмүр кендерин иштетүүгө кызыкдар.

"Ушул тапта кытайлык инвесторлор менен Ак-Улак жана Беш-Буркан көмүр кендеринде изилдөө иштери жүрүп жатат. Жыл башынан казыла баштайт. Беш-Бурканда көмүрдү байытуучу завод да курууну көздөп жатабыз. Буйруса үч-төрт жыл аралыгында Казакстандан көмүр сатып албай калабыз, көмүр импорттоо муктаждыгы жоюлат. Планыбыз ошондой", - деди министр.

Министр Ибраев Алайдагы Сары-Таш көмүр кенин иштетип, Кытайга экспорттоо планы турганын кошумчалады.

Таалайбек Ибраев Кара-Кече көмүр кенинде жана Балыкчыдагы көмүр сатуучу базада видеокөзөмөл орнотулганын да билдирди. Анын айтуусунда бул көмүр ташыган автоунаалардын кезегин көзөмөлдөйт. Көмүр кенинде коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдү жоюу максатында төлөмдү накталай эмес, онлайн төлөө тартиби киргизилмекчи.

Өкмөттүн маалыматына караганда, калктын керектөөсү үчүн жылытуу мезгилинде 1,2 млн тонна кара отун зарыл. Республика боюнча көмүр сатыла турган 549 база ачылары кабарланган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG