Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:25

Милиция Жоробековдун техникаларын алып кетти


Афтандил Жоробеков.
Афтандил Жоробеков.

7-декабрда түн ичинде жарандык активист Афтандил Жоробековдун үйүндө тинтүү болуп, милиция кызматкерлери активисттин техникаларын алып кетти.

Бул тууралуу 8-декабрда “Азаттыкка” анын адвокаты Махабат Мамасалиева билдирди. Укук коргоо органдары Афтандил Жоробековдун автоунаасын да тинткен.

Активист 7-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылган.

Махабат Мамасалиева мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин 3-бөлүгү, “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырык, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен айып тагылганын кабарлады.

Адвокаттын сөзүнө караганда, Бишкек шаардык милициясы Жоробековго 6-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган видео боюнча иш козгоп, 48 саатка камакка алган. Ал видеодо активист акыркы үч жылда Кыргызстандын экономикасында “жылыш жок” деп айтып, желекти өзгөртүүгө каршы экенин билдирген.

Милиция азырынча жарандык активист эмне себептен кармалганы тууралуу расмий маалымат бере элек.

Афтандил Жоробеков 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрө турганын социалдык медиадагы баракчаларында жарыялаган.

2-декабрда Бишкектин Октябрь райондук милициясына, Улуттук коопсуздук комитетине чакырылган. Ага чейин милиция аны 3-декабрдагы “Туудан колуңду тарт!” автожүрүштөн улам маектешүүгө чакырганын жазган.

Активист Инстаграмдагы bespredelkg30 баракчасын иштетет. Анда ал бийликтин убадалары, элдин башына түшкөн көйгөйлүү маселелер, курулуш тармагындагы кемчиликтер жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын парламенттеги айрым билдирүүлөрү тууралуу постторду чыгарат. (BTo)

XS
SM
MD
LG