Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:05

Путин менен Раиси Газадагы кырдаалды талкуулашты


Владимир Путин менен Ибрахим Раисинин жолугушуусу. Кремль, Москва. 7-декабрь, 2023-жыл.
Владимир Путин менен Ибрахим Раисинин жолугушуусу. Кремль, Москва. 7-декабрь, 2023-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кремлдеги жолугушууда Газа тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.

Ирандын президенти Орусияга сапарынын алкагында Батышты Газадагы палестиндиктерди "тукум курут кылууга көмөктөшүп жатат" деп айыптаганын Reuters билдирди.

Ага ылайык, Иран менен Орусиянын лидерлери сүйлөшүүдө эки тараптын аскердик кызматташтыгы өсүп жатканы тууралуу сөз кылышкан жок. Тараптар экономикалык, анын ичинде мунай-газ өндүрүү тармагын талкуулашты.

Путин менен Раиси беш сааттан ашуун убакыт сүйлөштү. Ирандын президентине чейин орус президенти Бириккен Араб Эмирликтеринин жана Сауд Арабиясынын лидерлери менен жолуккан.

Путин Жакынкы Чыгыштагы, өзгөчө Газа тилкесиндеги кырдаал "маанилүү" деп белгиледи. Раиси Газа тилкесиндеги Израилдин аракеттерин "адамзатка каршы кылмыш" деп атады. Ирандын лидери Израилди Батыш өлкөлөрү менен АКШ колдоп жатканын "кайгылуу" деп атады. Путин мурдагы айтып келген сөзүн кайталап, "Газадагы балдардын кыйналганын көргөндө көзгө жаш айланат" деди.

Reuters белгилегендей, Батыш өкмөттөрү анын бул сөзүнөн кийин Украинадагы жай тургундардын өлүмүн эске салып, "эки жүздүү" мамиле катары баалашты.

Орусиянын мамлекеттик агенттиктери жана ТАСС орус-иран лидерлеринин жолугушуусун учкай гана чагылдырып, сүйлөшүүнүн мазмунун ачык беришкен жок.

Батыш өлкөлөрү жана Киев Орусияны Украинадагы согушта Иранда чыгарылган "Шахед" дрондорун колдонорун айтып келет. Акыркы убактарда мындай дрондор Орусиянын өзүндө чыгарылып жатканы айтылууда.

Орусия Иран менен Сирияда да кызматташат, экөө тең Сириянын президенти Башар Асаддын режимин колдошот. Иран Израилдин Газадагы ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмуна каршы операциясын кескин айыптап келет. Израил Иранды ХАМАСты колдойт деп айыптайт.

Кремль Газа тилкесинде ок атышууну айыптап, тилкедеги жай тургундардын өлүмү үчүн Израилди сынга алган.

XS
SM
MD
LG