Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:09

7-декабрь: Андаракта өз жанын кыйган алты аял, Ошто ок жеген жоокер


Андарак айылында уксус ичип каза тапкан келиндин тажиясы жана каза болгон жоокер Руслан Эрменбаев апасы Нааргүл Эргешова менен. Коллаж.
Андарак айылында уксус ичип каза тапкан келиндин тажиясы жана каза болгон жоокер Руслан Эрменбаев апасы Нааргүл Эргешова менен. Коллаж.

7-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Андаракта бир жылда алты аял өз жанын кыйды

Баткендин Лейлек районундагы Андарак айылында ушул жылы эле 10 аял өз өмүрүнө кол салып, анын алтоо каза тапты. Төртөөнүн өмүрүн дарыгерлер сактап калган. Бул маалыматты “Азаттыкка” жергиликтүү активисттер, дарыгерлер, маркумдардын жакындары ырастады. “Азаттык” бул аймакта өмүрү кыйылган келиндер тууралуу видео иликтөө тартып жатат. Анда өз жанын кыйган келиндердин окуясы тууралуу кенен айтып беребиз.

Армияда дагы бир жоокер каза тапты

Оштогу №2024 аскер бөлүгүндө 18 жаштагы жоокер Руслан Эрменбаев каза тапты. Чек ара кызматы ал 6-декабрда куралды "этиятсыз пайдаланып өзүн атып алганын" билдирди. 7-декабрда маркумдун апасы Нааргүл Эргешова президент Садыр Жапаровго кайрылып, армияда кызмат өтөгөндөрдүн коопсуздугун көзөмөлгө алуусун суранды. Кыргыз армиясында буга чейин да ар кандай жагдайда жоокерлердин өлүмү менен коштолгон окуялар болгон.

Каза болгон жоокер Руслан Эрменбаев жана апасы Нааргүл Эргешова.
Каза болгон жоокер Руслан Эрменбаев жана апасы Нааргүл Эргешова.

Абактагы Бекназаров курултайчыларга кайрылды

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Азимбек Бекназаров 18-декабрга белгиленген Элдик курултайдын катышуучуларына кайрылуу жолдоду. Оппозициялык саясатчы Кемпир-Абад иши боюнча бир жылдан ашуун абакта жаткандардын сотун ачык өткөрүүнү курултайга салууну сунуш кылган. "Бийлик жабык сот өткөрүп, СИЗОдон биздин өзүбүздү сотко алдыртпай, өңчөй “дүжүр” адвокаттарды катыштырып туруп эле сыртыбыздан мыйзамсыз соттоп салууга умтулуп жатат", - деп жазган Бекназаров. Жогору Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков "Азаттык" менен болгон эксклюзивдүү интервьюсунда Кемпир-Абад иши боюнча соттун cоздугуп жатканына "кармалгандар өздөрү себепкер" экенин айткан.

Орусияда абакта отургандарды согушка тартуу болгону ырасталды

7-декабрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекте өткөн басма жыйында 2022-жылы Орусиянын абактарында жаткан кыргыз жарандарын Украинадагы согушка тарткан учурлар болгонун ырастады. Ал министрликтин кызматкерлери миңдеген орус түрмөлөрүн кыдырып, соттолгон мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн айтты. “Азаттык” радиосу “Вагнердин” жалданма согушкерлери менен Украинадагы согушка барып көз жумган кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.

Уюшкан кылмыштуу топтордун 130 мүчөсү абакта жатат

Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү деп табылган 130 адам абактарда отурат. Мекеме алар түрмөлөрдөгү кырдаалга активдүү таасир этүүгө жана мекеменин жетекчилигине өз кызыкчылыктарын таңуулоого аракет кылып келгенин билдирди. Ички иштер министрлиги (ИИМ) өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү делген 400дөн ашуун киши каттодо турганын белгилеп, аларга жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун сунуштады.

Газа тилкеси, 4-декабрь 2023-жыл.
Газа тилкеси, 4-декабрь 2023-жыл.

Гутерриш Газада ок атууну токтотууга чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш дүйнөлүк уюмдун уставынын 99-беренесин колдонуу менен Газа тилкесиндеги ок атууну гуманитардык максатта токтотууга чакырып, Коопсуздук кеңешине кайрылды. Бул берене ага Коопсуздук кеңешине дүйнөдөгү тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч келтирген маселени алып чыгууга жол берет. Гуттериш 2017-жылы кызматка келгенден бери биринчи жолу бул укугунан колдонду.

Орусия менен Азербайжанда президенттик шайлоонун мөөнөтү аныкталды

Орусияда президенттик шайлоо 2024-жылдын 17-мартында өтмөй болду. Тиешелүү чечимди Федерация кеңеши бейшембиде кабыл алды. Орусиянын Баш мыйзамы Владимир Путинге бешинчи мөөнөткө аттанууга жол берет. Ал бул жолу шайланса 2030-жылга чейин мамлекетти башкарат. Азербайжанда дагы эмдиги жылдын 7-февралында кезексиз президенттик шайлоо өтөт. Анын жыйынтыгы менен Илхам Алиев 2031-жылга чейин президенттик кызматта калышы мүмкүн.

Time “2023-жылдын адамы” деп ырчы Тейлор Свифтти атады

Time журналы “2023-жылдын адамы” деп америкалык ырчы Тейлор Свифтти тандады. Аткаруучу жана автор Свифттин 200 миллиондон ашуун пластинкасы сатылган. 12 жолу "Грэмми" сыйлыгынын лауреаты болгон, American Music Awards сыйлыгын 40 ирет жеңген. Узап бараткан жылы анын популярдуулугу артты. Концерттерден тапкан кирешеси кээ бир чакан мамлекеттердин финансылык көрсөткүчтөрүнөн ашары белгиленет.

XS
SM
MD
LG