Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

Непал жарандарын Украинадагы согушка жалдоого шек саналгандар кармалды


Непал армиясынын жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт
Непал армиясынын жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт

Непалдын полициясы 6-декабрда жергиликтүү жумушсуз жарандарды Орусияга жөнөтүүгө шек саналган 10 киши кармалганын, алар андан ары Украинада согушуп жаткан орус куралдуу күчтөрүнө жалданганын билдирди. Мындай маалыматты Reuters кабар агенттиги Катманду полициясынын башчысы Бхупендра Хатриге шилтеме менен таратты. Ал эми The Himalayan Times гезити 12 киши кармалганын жазып, алардын ысымдарын жарыялады.

Бул иш адам аткезчилиги беренеси менен тергелип жатат.

Хатринин айтымында, шектүүлөр бир нече күн ичинде кармалды. Алар ар бир кишиден 9 миң долларга чейин алып, Орусияга “туристтик виза” менен негизинен Бириккен Араб Эмираттары акрылуу жөнөтүп турган. Андан ары непалдыктарды согушка жалдашчу.

Эки күн мурун Непалдын бийлиги Москваны өлкө жарандарын орус армиясына жалдабоого жана келишимдерге кол койгондорду демобилизация кылууга чакырганы маалымдалган. Reuters агенттиги кабарлагандай, буга чейин Украинада Орусия тарабында согушкан непалдык алты киши каза тапкан.

Агенттик Непалдын жалданма аскерлери жакшы машыккан, мыкты согуштук чеберчилиги менен белгилүү болорун, муну алар британ жана Индия армияларында далилдегенин жазды. Ал мамлекеттер менен Непалдын тиешелүү келишими бар, бирок Орусия менен түзүлгөн эмес.

Маркумдар кандай жагдайда набыт болгону айтылган жок. Непалдын Тышкы иштер министрлиги Москваны алардын сөөктөрүн кайтарууга жана жакындарына кенемте төлөөгө үндөдү. Дагы бир маалыматка ылайык, непалдык жаран украин аскерлеринин туткунуна түшкөн. Катманду бийлиги аны бошотууга аракет көрүүдө. ТИМ непалдыктарды кайсы тарапта болбосун, Украинадагы согушка катышпоого чакырды.

The Kathmandu Post басылмасы жазганына караганда, орус армиясына Непалдын 200 жараны азгырылган. Бул маалыматты басылма ал өлкөнүн Москвадагы элчисинен алганын билдирди. Дипломат мекендештерин "жалданма согушкерлер" деп атаган. Кеп армия же менчик аскердик компаниялар тууралуу жүрүп жатабы, белгисиз.

Орусия бул маалыматка комментарий бере элек. Непал Гималайда, Индия менен Кытайдын ортосунда жайгашкан.

Буга чейин Би-Би-Синин орус кызматы жарыялаган иликтөөдө Украинадагы согушта Орусия азгырган жүзгө жакын борборазиялык жаран каза болгонун, анын ичинде Кыргызстандын 19, Өзбекстандын 34, Тажикстандын 40 жараны бар экени айтылган.

Иликтөөдө "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын азгырыгы менен орус түрмөлөрүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлгөн эмгек мигранттары тууралуу жазылган.

XS
SM
MD
LG