Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:23

Ош: Уристем Манаповдун ордуна Шайлообек Козубаев дайындалды


Ош облустук администрациясы.
Ош облустук администрациясы.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жарлыгы менен Шайлообек Козубаев президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу расмий маалымат 6-декабрда жарыяланды.

Козубаев буга чейин президенттик администрациянын аймактар менен иштөө башкармалыгында эмгектенген.

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн мурдагы орун басары Уристем Манапов өз каалоосу менен кызматтан кеткени 17-ноябрда белгилүү болгон.

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев 6-декабрда "Азаттыкка" ал Матраимовдорго байланышы бар болгону үчүн иштен кеткенин билдирген.

Ага чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топторго байланышы бар мамлекеттик кызматкерлер аныкталып, кызматтан кетип жатканын айтып, Уристем Манаповдун да атын атаган.

Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, бажыда ири коррупциялык система түзгөнү үчүн соттолгон Райымбек Матраимовду "мафия" деп атаган.

  • Ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда ондон ашуун мамлекеттик кызматкерлер: райондук кадастр кызматынын жетекчиси, райондук архитектура кызматынын башчысы, социалдык жактан коргоо мекемесинин башчысы, райондук почтанын жетекчиси, Кара-Суу шаардык мэриясынын вице-мэри, Кара-Суу районунун акиминин орун басары, Мады айыл өкмөтүнүн, Сарай айыл өкмөтүнүн, Сары-Колот айыл өкмөтүнүн, Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчылары кызматтан кеткен.
  • УКМК маалыматы боюнча Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовго 225тен ашык мамлекеттик кызматкердин байлынышы аныкталган. Алар Камчы Көлбаев жана Райымбек Матраимов менен жашыруун байланышта иштешкен. Атайын кызматтын төрагасы алардын жетимиштен ашыгы кызматтан алынганын белгиледи. Бажы кызматында 58 адам кызматтан алынган.
  • Камчыбек Көлбаев быйыл 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Ал эми Райымбек Матраимов коррупциалык иштерген аралашкан деп соттун чечими менен айыптуу катары табылгандан кийин мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG