Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:10

Орусияда мектептерде телефон колдонууга тыюу салынды


Орусиянын Мамлекеттик думасы мектептерде чөнтөк телефон колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин Телеграм-каналында билдирди.

Телефонду “чукул кырдаалда”, мисалы, окуучулардын жана мугалимдердин өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаралганда гана пайдаланса болот. Бирок, аны мурда сунуш кылынгандай, билим алуу максатында колдонууга жол берилбейт. Володин мындай тыюу балдардын билимин жогорулатат деп эсептейт.

Мындан тышкары эмки окуу жылынан баштап, Орусиянын мектептеринде эмгек сабагы киргизилмекчи. Спикер окуучуларды бала кезинен “турмушка даярдоо, мисалы, кыздарды тамак жасоого, күйөөсүнө кам көрүүгө үйрөтүү керектигин” айтты.

Кыргызстандын айрым мектептеринде киргизилген ички эрежеге ылайык, сабак учурунда балдардын телефондору алынат, үйгө кетерде кайра берилет.

XS
SM
MD
LG