Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:03

Пневмония, сасык тумоого чалдыккандар үчүн бейтапканаларда кошумча орундар түзүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоо, пневмония менен ооруган балдар үчүн ооруканаларда кошумча керебеттер жайгаштырыларын билдирди. Мындай чечим 6-декабрда министр Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда өткөн кеңешмеде кабыл алынды.

Маалыматта айтылгандай, сасык тумоо жана пневмонияга чалдыккан балдар үчүн шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын базасында 30 койка, жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптар үчүн энени жана баланы коргоо Улуттук борборуна 30 койка коюлат. Чүй облустук бириктирилген ооруканасынын балдар бөлүмүндөгү койкалардын саны 45ке чейин көбөйтүлөт.

Ошондой эле Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда балдар дарыгерлер кызматын уюштуруу, бул үчүн 2-3-курстардын ординаторлору жумушка тартылары айтылды.

Энени жана баланы коргоо Улуттук борборунуна кошумча он дарыгерди бөлүп берүү маселеси каралды.

Сасык тумоо көп жайыла баштаган маалда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун алдындагы күндүзгү стационарлардын иш тартиби өзгөрө турган болду. Бейтаптар иш күндөрү саат 08:00-20:00 аралыгында, дем алыш күндөрү саат 08:00дөн 14.00гө чейин эки нөөмөттө кабыл алынат.

Министрлик сасык тумоону алдын алуу үчүн беткап режимин жана аралыкты, дем алуу гигиенасын сактоону, сасык тумоону жуктуруп алган адамдарды өз убагында обочолонтууну сунуштайт.

Мекеме өткөн аптада 5 миң 737 адам сасык тумоого чалдыкканын, алардын 67% 14 жашка чейинки балдар экенин билдирген. Жалпысынан өлкө аймагындагы эпидемиологиялык абалды туруктуу деп баалаган.

XS
SM
MD
LG