Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:17

Зеленскийдин АКШнын сенаторлоруна кайрылуусу болбой калды


Украинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский 5-декабрда америкалык сенаторлорго кайрылуусу болбой калды. Анын себеби азырынча белгисиз. Ал жабык жыйында Украинага берилчү жардамдын жаңы пакети талкууланмак.

Зеленский кыштын татаал шартында Украина АКШнын аскердик жардамына муктаж экенин, Орусиянын соккуларынан карапайым эл жапа чегип келатканын айтат деп күтүлгөн.

Октябрда Жо Байдендин администрациясы Конгресстен Украина, Израилге жардам берүү, чек аралардын коопсуздугун бекемдөө каралган пакетти кабыл алууну өтүнгөн. Бирок Өкүлдөр палатасын көзөмөлдөгөн республикачылар сунушту четке каккан.

5-декабрда Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер: “Зеленский жыйынга катыша алган жок, акыркы мүнөттө бир нерсе болду”, - деп билдирди. Бирок эмне себептен украин президенти кайрылуу жасабаганын тактаган жок.

Шаршембиде Сенат Киевге 60 млрд доллардан ашуун жардам бөлүү маселесин колго салмакчы.

Сенаттагы республикачыл азчылыктын лидери Митч Макконнелл партиялаштарын каршы добуш берүүгө чакырса, Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон чек аралардагы коопсуздукка артыкчылык берилүүгө тийиш деп кескин билдирди.

Ак үй Украинага аскердик жардамга кеткен акча жыл аягында түгөнөрүн эскертүүдө.

Ал арада украин президентинин администрациясынын башчысы Андрей Ермак Вашингтондогу Тынчтык институтунда сүйлөгөндө АКШнын Киевге берилген жардамынын кечеңдеши согушта жеңилүү тобокелдигин жогорулатарын айтты.

Украинанын коопсуздугун камсыздоо үчүн уруш башталганы Кошмо Штаттар 44 миллиард доллардан ашуун аскердик көмөк көрсөттү.

XS
SM
MD
LG