Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 7-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6,
Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11,
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 5…10,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 4…6° болот.
Дагы караңыз