Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:43

Өзбекстанда кримчөйрөнүн өкүлү Кыргызстанга качууга аракеттенгенде кармалды


Достон Халиловду кармоо учуру. Өзбекстандын укук коргоо органдарынын сүрөтү
Достон Халиловду кармоо учуру. Өзбекстандын укук коргоо органдарынын сүрөтү

Өзбекстанда Фергана облусунун Ички иштер башкармалыгынын жана Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Фергана шаарында Достон Халилов аттуу кримчөйрөнүн дагы бир өкүлүн кармашты. Ал Бахтияр Кудратуллаев («Бахти Ташкентский») менен «тыгыз мамиледе болгонун» облустук башкармалыктын басма сөз кеңсесине шилтеме менен «Озодлик» радиосу маалымдады.

Кабарга караганда, 1992-жылы туулган Халилов Кыргызстанга качууга аракеттенгенде «Достук» чек ара бекетинен кармалды. Ага карата бейбаштык беренеси менен кылмыш иш козголуп, 3-5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Халилов буга чейин адамга жеңил жаракат келтирүү үчүн соттолгон.

3-декабрда Өзбекстандын баш калаасында “Бахти Ташкентский” деген атка конгон кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү, 52 жаштагы Бахтияр Кудратиллаев кармалганы кабарланган. Ал "маңзатты мыйзамсыз даярдаган, сактаган" жана "ири өлчөмдөгү акча опуза кылган" деп айыпталууда.

КМШда “Салимбай” жана "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал ишкер Салим Абдувалиевди 1-декабрда тартип коргоо органдары Ташкенттеги үйүндө кармаганын бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыккан.

2-декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо боюнча жапырт рейддер өткөрүлүп жатканын билдирген. Ал эми Ички иштер министрлиги Сырдарыя, Хорезм, Самарканд, Сурхандарыя, Ташкент, Бухара жана башка облустарда 40 күндүк акция өткөрүлөрүн жарыялап, анын алкагында Фергана аймагында ар кандай кылмыштуу топтордун 20дан көп мүчөсү кармалганы маалым болду.

Мекеме акциянын жүрүшүндө «көчө бандаларына» жана кылмыштуу топторго чекит коюну көздөгөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG