Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:51

Якутияда суук -58 градуска чейин жетти


Якутия, 5-декабрь, 2023-жыл
Якутия, 5-декабрь, 2023-жыл

Шейшембиде Орусиянын айрым аймактарында арктикалык суук күч алып, Сибирдин кээ бир жерлеринде абанын температурасы 58 градуска чейин төмөндөдү.

Дүйнөдөгү эң суук шаарлардын бири – Якутскини дрондордон тартылган сүрөттөр көргөзгөндөй, ызгаардуу булуттар жана коюу туман каптады.

Саха жумуриятынын (Якутия) бир нече жеринде шейшембиге караган түнү абанын температурасы 55 градустан, Оймякон шаарчасында 58 градустан төмөн болду.

Синоптиктер нымдуулуктан жана шамалдан улам абанын табы -63кө жетиши мумкүн деп эскертишти.

XS
SM
MD
LG